Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмиянов. Архив

150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады

934
(жаңыланган 10:36 17.06.2019)
Ушу тапта Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатышат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эскерте кетсек, Илмиянов өткөн жылдын октябрында чет элдик компаниянын ишин токтотуп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган деп шектелип, Москвадан кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу.

Маалыматта 10-июнда соңуна чыккан тергөөнүн жыйынтыгында Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") боюнча кылмышка барганы аныкталганы айтылат.

Иш эми сотко өтөт. Ушу тапта Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатышат.

934
Белгилер:
тергөө, сот, пара, кылмыш, Икрамжан Илмиянов
Тема:
Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш иши (16)
Тема боюнча
Жээнбековдун президенттигине бир жыл. Козголгон чуулгандуу иштер
150 миң доллар алып тергөөнү токтотууга жардам берген. Илмияновдун иши