Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойгон Кайрат Сабыров

АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек

2048
(жаңыланган 16:08 06.07.2019)
Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойгон Кайрат Сабыров учурда Америка Кошмо Штаттарындагы Калифорния университетинде иштеп келет. Химия илимдеринин доктору 10 жылдан бери ал жакта билим алып, жашайт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет өлкөдөгү тажрыйбалуу илимпоз менен илим жаатында, жаштар жөнүндө маек курдук.

— Берклидеги Калифорния университетинде жана Беркли улуттук лабораториясында кандай иштер менен алектенесиз?

— Америкада 10 жылдан бери жүрөм. Азыр жумуш которуп жатам. Химия жаатындагы нанотехнологиялар боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзчүбүз. Мисалы, суутек менен жүрө турган автоунаалар сыяктуу иштер менен алектенчүбүз. Негизинен терең изилдөө жүргүзгөндүктөн эмгектерибизди түрдүү ири компания, корпорациялар 10-15 жылдан кийин колдонушу мүмкүн. Андан сырткары, алардын айрымдары текшерилип, тесттерден өтөт. Илим дайым алдыда жүрөт эмеспи.

— Негизи чет жакта атайын академиялык шаарчаларды куруп, илимге жакшы көңүл бурулат. Сиз иштеген жер жөнүндө айта кетсеңиз?

— Беркли өзү чакан шаар. АКШда онго жакын гана улуттук лаборатория бар, анын бири биздики. Бул жакта алты миңге чукул адам иштейт. Жогорку окуу жайында 30-40 миңдей студент билим алат. Андан сырткары, 20 миңдейи докторантура, аспирантурада окуйт. Шаарча дүйнөгө өзүнүн билими менен таанылып, ири корпорациялардын буюртмаларын аткарган инженер, изилдөөчүлөрдүн кеңселери бар. 

Доктор химических наук в одном из университетов Калифорнии, кыргызстанец Кайрат Сабыров
© Фото / из личного архива Кайрата Сабырова
Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров

— Дүйнөлүк белгилүү ишканалардын буюртмаларын сиз да аткарып калсаңыз керек?

— Азыр изилдөө жүргүзүү үчүн миллиондогон акча керек. Аны университет өзү жасай албайт. Ошондуктан мамлекет изилдөөгө деп бөлгөн акчасын алабыз, министрлик жана жеке менчик компаниялар менен иштешебиз. Биз акыркы жылдары нефть өндүргөн ишкана менен иш алып барганбыз. Алар бир нерсени изилдеп бергиле деп суранып, каржылашат. Ошентип биргеликте эмгектенебиз.

— Химияга башынан эле кызыкчу белеңиз? Бала чак кандай өттү эле?

— Атам дыйканчылык, малчылык менен алектенчү. Талаада картошка отоп, түптөп, сугарып, чөп чаап жүрүп чоңойдук. Азыркыдай техника жок эле да. Ат араба менен көлгө түшкөнү, Караколдун базарына барчубуз. Жумуртка сатып, акчасына азык-түлүк алып өстүк. Кийин 1998-жылы кудай жалгап Кыргыз-түрк лицейине өтүп кеттим. Аны 2003-жылы бүтүргөм. Окуу жай жашоомо катуу таасир берген мектеп болду. Жатып окугандыктан окуудан башка эч нерсе жок болчу. Так илимдерге кызыгып, химия, математика, физика сабактары менен англис тилин өздөштүрүп олимпиадага катыша баштагам. 17 жашымда Голландияга дүйнөлүк олимпиадага бардым. Кыйын билебиз деп барганбыз да, эч нерсе билбейт экенбиз. Сынактын 40 пайызы эксперимент эле. Өмүрүмдө колдонбогон техниканы колго алып, жанымда турган украиналык баланы туурап катышып келгем. Ал кезде Кыргызстанда андай лабораториялар такыр жок болчу. Олимпиадага чейин лицей Бишкектен бир профессор жалдап бизди окутмак болгон. Ал киши деле көп нерсе билбейт экен. Анан Казакстандагы түрк лицейлер менен байланышып, Казак мамлекеттик университетинде даярданганбыз. 

Доктор химических наук в одном из университетов Калифорнии, кыргызстанец Кайрат Сабыров
© Фото / из личного архива Кайрата Сабырова
Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров

— Мектепти бүткөндөн кийин эле Түркияга окууга кеткен экенсиз. Ал кезде чет өлкөдөгү ЖОЖдорго өтүү мүмкүнчүлүгү аз болсо керек?

— Азыркыдай кенен мүмкүнчүлүк жок болчу. Биз түркчө, англисче билгендиктен Түркияга жол ачылып, мугалимдер сыртта окуу боюнча маалыматтарды берип турчу. Балдар жок дегенде Түркия менен Россияда окушубуз керек деп талпынып турчу элек. Стамбулдагы Босфор университетине химия багытына өтүп кеттим. Ал кезде бизди түрктөр аябай жакшы кабыл алып, жада калса түрк ишкерлер окуубуздун акысын төлөп окутчу. Физика боюнча да кошумча билим алып жүрдүм. Ал жакты бүтүп эле Америкада докторантурага кабыл алынып калдым. АКШда так илимдерге окуу акысыз болчу. Эки жылдан кийин эле илимдин кандидаты болдум.

— Чет өлкөдө мамлекет гана эмес ишкерлер да билим берүүгө инвестиция жасап жатпайбы. Бизде ушул нерсе калыптаныш керек деп ойлойсузбу?

— Кыргызстанда жеке ишкерлер инвестиция кылып, бирөөнү окууга четке жиберип жатат деп уга элекмин. Биз Америка, Түркияга салыштырмалуу билимге аябай аз көңүл бурабыз. Мугалимдердин айлыгы өтө төмөн. Ошонун айынан сапат жок, күчтүү адистер базарга кетип калып жатат. Айлыкты жогорулатып, окутуучуларды сынак менен алса өнүгүү болмок. АКШда докторлукту окуп жаткан кезде студенттерге сабак берип калдым. Ал кезде стипендия 1700-2000 доллар болчу. Калифорнияда малекеттик жөнөкөй мектепте 4000-5000 доллар менен иштей баштайт. Атаандаштык күчтүү, илимдин докторлору өтө эле көп. Мисалы, мен профессор болоюн деп Гарвард, Стендфорд өңдүү белгилүү ЖОЖдорго тапшырып көрдүм. Мен сыяктуу 300дөй киши тапшырыптыр, ошонун ичинен бирөөсүн гана алды. Ал катышуучулар дагы күчтүү университеттерди аяктагандар, билим берүү такыр башка деңгээлде.

Түркияда окуп жүргөндө Бишкекке бат-баттан келип турчумун. Досторум сабак, китеп жөнүндө эмес, кантип акча табабыз деп сүйлөшчү, булар окуусун бүтүрүп салганбы деп ойлочумун. Мен иштеген жерде жөнөкөй студенттер эртеден кечке чейин окуйт, эс алганга убактысы жок. Шашып тамак-ашын ичип, күндө экзамен беришет. Ошентип толук кандуу билимге сугарылат. Эгер алар кичине эле убактысын туура эмес пайдаланса, программадан артта калып калышат.

Доктор химических наук в одном из университетов Калифорнии, кыргызстанец Кайрат Сабыров
© Фото / из личного архива Кайрата Сабырова
Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров

— Түшүнүктүү. Өнүккөн өлкөлөрдөн илим, билим жагынан канча жыл артта калып калдык?

— Билбейм. Саясат, эл аралык мамиле боюнча кичине жылыш бар. Жаңы технология, эл аралык укук, так илимдер боюнча аябай эле арттабыз. Башканы айта албайм, өзүм жакшы билген химия боюнча элүү жыл арттабыз. Мурун олимпиадага барган суроолорду карап көрдүм да. Ошолорго жооп бере алган, сиңире билген Кыргызстан боюнча бир да профессор жок. Илимдин кандидаттары, докторлорубуздун аты эле бар.

— Кыргызстанга көз салып турасызбы?

— Көптөн бери бара элек болчубуз. Өткөн жылы Ысык-Көлдө болдук. 18 жаштан бери чет өлкөдө жүргөндүктөн башка мамлекетке келгендей болдум. Аябай чоң өзгөрүүлөр болуптур. Мен кичине кезде Жети-Өгүздөгү Көк-Жайыкта эч ким жок болчу. Биз барганда чет элдик эс алуучулар көп жүрдү. Жергиликтүүлөр шарт түзүп, туристтик жай болуп калыптыр. Эл арасында чыңалуу болуп жаткандай сезим калды. Ага акыркы 10-15 жылдагы өлкөдөгү окуялар себеп болгондой. Менимче, эл башындагылар жакшы жолго түшсө, өлкө бат эле өнүгүп кетет. Анткени кичинекей мамлекетти 10-20 жылда эле өзгөртсө болот. Коррупциянын айынан алдыга жыла албай калып жатат окшойбуз.

— Кыргызстан өнүгүү үчүн өзүнүн болгон потенциалын колдоно албай жаткандай эмеспи?

— Бизде тиешелүү технологиялар болбогондуктан чет элдик жеке менчик ишканаларга кайрылуудабыз. Алар кантип иштетет деген маселе да болбой койбойт. Андан сырткары, туризм, гидроэнергетикалык чоң мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбай, стартаптар ишке ашпай турат. 

Доктор химических наук в одном из университетов Калифорнии, кыргызстанец Кайрат Сабыров
© Фото / из личного архива Кайрата Сабырова
Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров

— Кыргызстан учурда чет жерде жүргөн азаматтарына, илимдүү адистерине муктаж болуп жатат деп ойлоп жүрсөңүз керек. Мекенге кайтып келүү планыңызда барбы?

— Азыр чет жакта өзүнүн кесибин мыкты билген кыргызстандыктар көбөйүп жатат. Мен тааныган эле балдар АКШ, Европанын мыкты компанияларында иштеп келет. Facebook, Google, Apple өңдүү корпорацияларда жок дегенде бир-эки кыргыз бар. Мен химик катары Кыргызстанга барсам эч нерсе кыла албай, өзүмдүн тажрыйбамды колдоно албай калам. Барып калсам мектеп, университетте эле сабак берип калышым мүмкүн. Мындан сырткары, өзүмдүн пикиримди айтышым ыктымал. Азыр мен жумушумда колдонгон аспаптар миллиондогон доллар турат. Алар Кыргызстанда эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө да жок. Бирок мен өтө кеч болуп кала электе билим берүү тармагына өз салымымды кошсом деген оюм бар. Анткени бизде жакшы мектептер өтө аз, анын үстүнө кымбат болуп кетти. Айылдан келгендер, карапайым бүлөлөр аны төлөй алышпайт. Ушул сыяктуу окуу жайларды ачыш керек деп жүрөм. Ал качан ишке ашары белгисиз. Себеби ага чоң инвестиция, кадрлар керек. Казак тааныштар мекенине кайтып келип жатышат. Аларга мамлекет кичине болсо да шарт түзүп бериптир. Өлкөбүздүн башкаруу системасы оңолуп, жакшы шарттар түзүлсө биз деле барабыз. Түркияда окуп жүргөндө кайтып келип жаштарды окутабыз деген тилек бар болчу. Ал кезде мыкты мугалимдер аз эле, суроо бергенге профессор издеп таба алчу эмеспиз. Мугалимдерибиз болсо төрт жылдык ЖОЖду бүткөндөр болчу.

— Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз. Келинчегиңиз дагы илим тармагы менен кеткенби?

— Жубайым экөөбүз эки уулду тарбиялап жатабыз. Улуу балабыз мектепке окуганы турат, экинчиси кичинекей. Келинчегим менен Түркияда таанышкам. Ал математика факультетинде окуп жүргөн. Азыр ал финансы жагында иштейт.

2048
Белгилер:
маек, Окумуштуу, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек
Эрке элем, анан көргүлүктү көрдүм... Москвада бизнес империя түзгөн Адилеттин баяны