Бишкекте бүтүрүүчүлөргө аттестат качан тапшырылары айтылды

© SputnikСреднее общее образование в Кыргызстане
Среднее общее образование в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү бар.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Борбор калаада 24-июнь күнү өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар 11-класстын окуучуларына тапшырылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында быйыл 6147 окуучу 11-классты аяктады. Алардын 56сы Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурула турган иш-чарага катышат.

"Артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, көптөгөн конкурстардын лауреаттары болот. Айрым бүтүрүүчүлөр мөөнөтүнөн мурда эле студент болуп калышты", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, 24-июнь күнү Бишкектин бардык мектептеринде саат 10.00дөн тарта аттестат тапшыруу аземи башталат. Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылгандан кийин ата-энелер менен мугалимдерге майрамдык иш-чара уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0