12 жылдан бери бүтпөгөн Түп — Кеген жолу. Жумушчулар митингге чыгат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДорожные работы на одной из улиц Великого Новгорода
Дорожные работы на одной из улиц Великого Новгорода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржылоо өз убагында болбогондуктан, 12 жылдан бери 76 чакырым жолдун 39 чакырымы гана бүткөн.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Түп — Кеген жолун 12 жылдан бери салып жаткан жумушчулар 18-июнда нааразычылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу "Терра Эмплоймент Групп" жол салуучулар компаниясынын башкы директору Динара Мотураева билдирди.

Анын айтымында, каржылоо өз убагында болбогондуктан 12 жылдан бери 76 чакырым жолдун 39 чакырымы гана бүткөн.

"2007-жылы Транспорт министирлиги Түп — Кеген жолун салуу боюнча тендерден утуп алган. Анда 76 чакырым жол үч жылда бүткөрүлүшү керек болчу. Бирок каржылоо өз убагында болбогондуктан иш толук аткарылбай, жолдун 39 чакырымы гана бүттү. Негизи мамлекеттик баланска өткөрүп бергенден кийин беш жылга кепилдик беребиз. Бирок 12 жылдан бери жол бүтпөй, баш жагы кайра бузулуп чыгым тартып жатабыз", — деди Мотураева.

Ал ошондой эле каржылоонун жоктугунан 50 даана техника, 100дөн ашуун жумушчу иши жок калганын кошумчалады.

Ош базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео
"Долбоор боюнча 39 чакырым жолго жол белгилерин, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, аялдама орнотуу үчүн дагы 200 миллион сом каражат керектелет", — деди Мотураева.

Транспорт жана жол чарба департаментинин Ысык-Көл аймактык бөлүм башчысы Кудайкун Күчүков 2008-жылдан тартып "Терра Эмплоймент Групп" компаниясы Түп — Кеген жолун салууда долбоор боюнча 76 чакырымды бүтүрүшү керек экенин белгиледи. Анын айтымында, аталган жол мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жаткандыктан алгач 110 миллион сом  бөлүнгөн.

"Андан кийин каражат аздан бөлүнүп отуруп 39 чакырым жол 11 жылда мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынды. Учурда мамлекеттик бюджетте каражат жок болгонуна байланыштуу Дүйнөлүк банктан 55 миллион доллар бөлүндү. Буга байланыштуу калган жолду салууга кайрадан тендер өткөрүлүп, уткан компания жол салуу ишин улантат. Ал эми 39 чакырымга керектелүүчү 200 миллион сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнсө, бардык тиешелүү белгилерди, аялдамаларды салууга "Терра Эмлоймент Групп" компаниясына тапшырылат", — деди Күчүков.

Эске салсак, Түп — Кеген Ысык-Көл облусу менен Казакстанды байланыштыра турган жол.

Жаңылыктар түрмөгү
0