ЖРТдан кулап калгандар кайда барса болот? 32 адистиктин тизмеси

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМастерская художницы Флёры Даминовой в Казани
Мастерская художницы Флёры Даминовой в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн жалпы республикалык тестирлөө боюнча жогорку балл алгандар белгилүү болгон.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбаган адистиктердин тизмесин берди.

Бүгүн, 18-июнда, министрлик ЖРТ боюнча жогорку балл алгандар туурасында маалымат тараткан. Эң көп баллды Жалал-Абад шаарындагы Элдияр Чормонов аттуу бүтүрүүчү алганы белгилүү болгон.

Министрликтин маалымат кызматынын кабарлашынча, төмөндөгү 32 кесипке ЖРТнын жыйынтыгы кереги жок:

  • Дене тарбия;
  • Искусство таануу;
  • Театр таануу;
  • Музыка таануу;
  • Хореографиялык искусствонун тарыхы жана теориясы;
  • Кино таануу;
  • Кино операторлук;
  • Көркөм искусствонун тарыхы жана теориясы;
  • Аспап аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча);
  • Вокалдык искусство (вокал искусствонун түрлөрү боюнча);
  • Дирижёрлук (аткаруу топторунун түрлөрү боюнча);
  • Композиция;
  • Эстрадалык музыка искусствосу (түрлөрү боюнча);
  • Үн режиссёрлук;
  • Актёрлук чеберчилик;
  • Режиссура;
  • Театралдык-декоративдик искусство;
  • Хореографиялык искусство;
  • Режиссуранын хореографы;
  • Педагогдун хореографы;
  • Дизайн;
  • Интерьерлер жана жабдыктар;
  • Декоративдик-прикладдык искусство жана элдик кесиптер;
  • Монументалдык-декоративдик искусство;
  • Живопись;
  • Графика;
  • Скульптура;
  • Адабий чыгармачылык;
  • Элдик көркөм чыгармачылык;
  • Социалдык-маданий ишмердүүлүк;
  • Көркөм билим берүү;
  • Көркөм искусство.
Жаңылыктар түрмөгү
0