Үй жумуштарын жасап жаткан аял. Архив

Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу

1860
Иликтөөгө катышкан 122 аялдын кортизолун (гормондун бир түрү — ред.) иш күндөрү жана дем алышта ченеп көрүшкөн.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Аялзатынын стресс гормондорунун саны жумушта же коомдук транспортто жүргөндө эмес, үйдө отурганда жогорулары байкалды. Бул туурасында "Известия" АКШнын Пенсильвания штатындагы университеттин окумуштууларына шилтеме берип жазды.

"Айрым эркектер үйдө болгондо өздөрүн ыңгайлуу сезебиз десе, аялдар, тескерисинче, иште жүргөндө жакшы сезерин билдиришкен", — деген адистер.

Иликтөөгө катышкан 122 аялдын кортизолун (гормондун бир түрү — ред.) иш күндөрү жана дем алышта ченеп көрүшкөн. Натыйжада жумуш учурунда алардын стресс гормордору төмөн, ал эми үйдө жүргөндөрдүкү жогору экендиги белгилүү болгон. Мындай нерсе өздөрүн бактылуу жар, камкор эне деп эсептегендерде дагы байкалган.

Адистердин айтымында, аялдар жумушунан кийин үй иштерин да жасап, моралдык жактан да чарчап, эки эсе кыйналышат. Аларды бала-чакага, үйгө, күйөөгө кам көрүү жана башка көр оокатка байланышкан нерселер "жеп" коёт.

1860
Белгилер:
себеп, гормон, стресс, аял, Окумуштуулар
Тема боюнча
Окумуштуулар кант диабетин пайда кылган үч себепти атады
Эркектер кантип гейге айланат. Окумуштуулардын иликтөөсү
Фастфуддун мээге тийгизген зыяны айтылды