Ысык-Көл милициясы туристтерди коргоого даяр. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в бизнес-центре "Каухар" на Орто-Сайском рынке
Пожар в бизнес-центре Каухар на Орто-Сайском рынке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орган кызматкерлерине ыктыярчылардан турган дружиналар жардам бермекчи.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алуу сезонунун башталышы менен жергиликтүү милиция туристтердин коопсуздугуна кам көрө баштады. Бул тууралуу облустук милициянын Facebook тармагындагы баракчасына сюжет жарыяланды. 

"Облуста жалпысынан 212 курорттук жана ден соолукту чыңдоочу жай бар. Алардын 182си Ысык-Көл районунда жайгашкан. Андыктан Бостери айылындагы милиция бөлүмүнө убактылуу штаб түзүлдү. Миңден ашуун милиционер күчөтүлгөн режимде иштейт", — деди Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.

Мындан ташкары, орган кызматкерлерине ыктыярчылардан турган дружиналар жардам бермекчи.

Ошондой эле эс алуу жайларынын ишине уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кийлигишпеши үчүн атайын ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.

Мындан улам Ысык-Көл милициясы жайкы сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого 100 пайыз даяр экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0