Анестезиолог-реаниматолог Омурбек Садыков

Аборттон ичеги-карды чубалган кызды көрүп үрөй учту. Дарыгер менен маек

15156
(жаңыланган 15:35 21.06.2019)
"Мөлтүрөгөн жапжаш кыз, 19 гана жашта экен, татынакайлыгын айтпаңыз. Бийкеч үйүндө мыйзамсыз аборт жасаган медайымга ишене коем деп өкүттө калган",- деп баяндайт анестезиолог-реаниматолог дарыгер Өмүрбек Садыков.

33 жаштагы Өмүрбек Садыков Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордо эмгектенет. Ошону менен бирге эле дарыгерликтен сырткары да алектенген иши бар. Арзыбаган айлыгынын айынан сүйгөн кесибин таштап койбоо үчүн доктур жигит спорттук товарлар дүкөнүн ачкан. Врач, ишкер замандашыбыз ишмердигинен кеп салып берди.

— Реаниматологдун иши, адамдарды ажалдан арачалап калуу - оор вазыйпа. Ишмердигиңизде керемет деп атоого боло турган учур болду беле?

— Түнкү нөөмөт убагы. Тез жардамдагы кесиптештер чалып, тезинен операция бөлмөсүн даярдап турууну айтышты. Адатта алар бейтапка чукул операция зарыл болгондо ушинтип кабарлашат.

Бул ирет да ошондой болду. 35 жаш чамасындагы бычакталган жигитти алып келишти. Ичке, төшүнө, бутуна, жалпы тогуз жеринен бычак жептир. Өзү да чоң, 110 килограмм салмактагы киши экен. Тойго барып, тууганы менен мушташа кетиптир. Тигил тууганы жапалдаш бойлуу неме экен, балким, ошондуктан бычак ала чыккан өңдөнөт.

Жабыркаган киши ажал менен арбашып жатты, көп кан жоготуп, тамырынын кагышы сезилбейт, бирок жүрөгү согуп жатат. Демек, адамды сактап калууга болот!

Операция учурунда биз бир топ тер агыздык. Кансыраганынан улам доктурлар донордук канды куюп үлгүрө албай жатышты. Жарааттарын алты саат бою тиктик! Операциянын аягында буттарым титиреп калды. Көзүн качан ачат деп күткөнүм эсимде... Бейтап эсине келгенде гана терең дем алдык.

— Адамды куткара албай калган учур көп болобу?

— Болбой койбойт. Айрыкча жаштардын көз жумганы жан кейитет. 19 жашар мөлтүрөгөн бир кызды алып келишти. «Ош» базарынын айланасындагы жеке кабинетте кабыл алган гинекологго барып, бойдон алдырмакчы болуптур. Ал аны анализге жиберет, бирок кош бойлуу экенин бирөө-жарым билип калбасын деп корккон кыз көп күткүсү келбейт. Далистен эле аны медайым колунан тартып: "Анализдердин кереги жок. Андан көрө сен мага кел, мен баарын бүтүрөм",- дейт. Бийкеч анын үйүнө келет, медайым ишке киришет.

Тийиштүү медициналык билими жок, болгону аборт жасаган врачтардын ишине көз салып жүргөн медайым ошолорду кайталоого аракет кылат. Үй шартында байкуш кыздын жатынын тешип алып, түйүлдүктү алуунун ордуна ичегилерин чубай бериптир.

Медайым кайсы этти кескилеп жатканын дароо түшүнгөн эмес. Ошол кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн көпкө күрөштүк. Хирургдар жатынын алып, бир топ жеринен тигүүгө аргасыз болушту, бирок кеч болуп калыптыр. Ичеги-карын абдан жабыркагандыктан, бейтапта алиментардык жетишсиздик, башкача айтканда, анын организмине кадимки эле азыктандырчу заттар жетпей калган. Тилекке каршы, бир күнү кыздын абалы начарлап, тамырынын кагышы сезилбей калды. Үзүлүп кете берди... 

Анестезиолог-реаниматолог Омурбек Садыков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
33 жаштагы Өмүрбек Садыков Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордо эмгектенет

— Көбүнчө кандай дарттарга кабылган бейтаптар кайрылат?

— Шашылыш хирургияда иштегеним үчүн тезинен операция жасала турган бейтаптарды карайбыз. Сокур ичеги, холецистит (өт ыйлаакчасынын сезгениши), перитонит (карындын сезгениши), бычакталып же ок жеп жабыркагандар көп түшөт. Ошондой эле биздин гинекологиялык бөлүмүбүз бар, жатындан тыш кош бойлуулук, кистанын (сары суу толгон шишик) жарылып кетиши жана сепсистик абалга кабылган аялдарга операция жасоого катышам. Акыркысы өтө кооптуу. Жыныстык органдарынын инфекциясына кабылган аялдар ушундай абалга тушугат. Алар бир топко чейин сезилбеши ыктымал, көз жаргандан кийин өтүшө баштайт. Бул организмге жайылып, жатынды алып салуу зарылдыгын жаратат.

— Аймактарда да иштеп келгенсиз да, туурабы?

— Ооба, ооруканадагы бойдок врач катары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна жөнөтүшкөн. Иш аябагандай көп болчу, себеби жалгыз анестезиолог-реаниматолог мен болдум. Айтмакчы, жергиликтүү оорукананын жабдылышы жаман эмес. Андан тышкары, аймактарда кылмыш алда канча азыраак, бычакталгандар чанда түшөт. Анан калса, баары бири-бирин тааныйт. Албетте, кээде үйбүлөлүк уруштар болуп турат, бирок аны эч кимдин сыртка чыгаргысы жок. Андай жараат менен түшкөн бейтаптар жөн эле "кулап" кеткенин айтып жашырышат.

— Бир жолку наркоз адамдын 10 жылдык өмүрүн алары чынбы?

— Ананчы, бейтаптан алынып анестезиологдун өмүрүнө кошулат да (күлүп)! Өмүр бою анестезиолог болуп иштеп жүрүп мындайды укпаптырмын. Тогуз ирет наркоз алган классташ кызым бар. Азыр 33 жашта, сиздин оюңузда ал 120 жаштагыдай көрүнүшү керекпи?..

— Наркоздун таасириндеги бейтап болуп көрбөгөндөй эйфорияга батат дешет...

— Куру кеп, ал жөн гана уктайт. "Түштөрдү" ойгонуп жатканда көрөт. Наркозду ар ким ар кандай көтөрөт. Айрымдар "Доктур, ашыкча сөз сүйлөп коюшум мүмкүн. Аялыма айта көрбөгүлө!" деп алдын ала суранышат. Көпчүлүгү сөгүнөт, ырдайт, Кудайга сыйынышат. Наркоз алган киши жөн гана кызуу абалдагыдай болот.

— Ишмердигиңизде көбүнчө эмнеге капа болосуз?

— Бейтаптардын адепсиздиги. Адамдар Интернеттен бир нерселерди окуп алышат да, врачтардан аларды өздөрү каалагандай дарылоону талап кылышат. Ал тургай кээде "Мен бейтапмын, сиз мени тыңдоого тийишсиз" дешет. Албетте, "Кардардын кеби дайым туура" деген сөз бар, бирок анын бейтаптарга кандай тиешеси бар? Сизди бир нерсеге ынандырып кетейин, врачтарды укпаган адам көбүнесе дарты өтүшүп кетип жапа чегет. 

Анестезиолог-реаниматолог Омурбек Садыков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өмүрбек Садыков: жарааттарын алты саат бою тиктик! Операциянын аягында буттарым титиреп калды. Көзүн качан ачат деп күткөнүм эсимде... Бейтап эсине келгенде гана терең дем алдык.

— Сиз врач гана тургай, кийим-кече дүкөнүнө да ээлик кылат экенсиз. Бул ишке кандайча киришип калдыңыз?

— Беш жыл мурун башталды. Ооруканага киргизилген жаңычылыктардан улам ишим жарым ставкага кыскарып калды. Айлык акым 4 миң сомдон бир аз гана ашты. Албетте, андай акчага жашоого мүмкүн эмес эле.

Ошол убакта эжем Россияга көчүп кетип, сатыкка буюмдарды жөнөтө баштады. Адегенде сүлгү, балдар кийимдери, ашкана буюмдары сыяктуу майда-чүйдөлөр болчу, бирок бара-бара бизнесибиз өсө баштады.

Азыркы тапта спорттук кийим жана бут кийим дароо 50-70 пайыздык арзандатуу менен сатылган дүкөнүбүз бар. Сапаты мыкты кийимдер, бардык өлчөмдөрү табылбагандыгы үчүн гана баасы арзандатылган.

— Врач катары алган маянаңыз жетиштүү болсо, бизнес баштайт белеңиз?

Дарыгерлер. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
— Эч качан! Медицинадан ушундай ырахат алам! Эгер сүйүктүү ишимден татыктуу маяна алып турсам, кошумча каражат табуу үчүн жанталашып, шай оодарбайт элем.

Врачтар ансыз да көп кыйынчылыктарга кабылат, башка кесиптеги курдаштарың диплом алып, ишин ордуна коюп, үй-бүлө куруп калганда сен окууңду улантасың.

Акыры ишке орношосуң. Жакшы врачты ансыз деле бейтаптар багат деп ойлошот айланаңдагылардын баары. Ири акча айланат деп ойлоштун кереги жок. Бир көз чаптыргылачы тегерекке, чындап эле Кыргызстанда элдин акчасы көп деп ойлойсузбу? Бирөөдөн акча сурашты да туура көрбөйм. Кандай болсо да мен дарыгермин. Бул — чоң жоопкерчилик.

15156
Белгилер:
медицина, соода, аборт, операция, дарыгер