Өспүрүм кыз. Архив

Ур-токмоктон качып... Оштогу атасына бараткан тестиер кыздар кармалды

3372
Учурда кыздардын атасы изделип жатат.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкектен Ош облусунда жашаган атасына качып бара жаткан 7 жана 11 жаштагы эки кыз аныкталып, аларга тиешелүү жардам көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Кыздар эч кимге билдирбей, өз алдынча кетип бара жаткандыгы тууралуу маалымат Акыйкатчы институтуна 20-июнь күнү саат 21.05те түшкөн.

"Окуучу кыздар Бишкектеги Батыш автобекетине барып, такси айдоочусуна Ош облусунун Отуз-Адыр айылында жашаган атабызга жеткирип коюңуз деп суранган. Айдоочу дароо бизге жана милицияга кабар берген", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева бекетке барган. Кыздар апасы өлүп калгандан кийин атасынын карындашынын үйүндө жашарын, ал аларды кордоп, "колуна тийген нерсе менен уруп иерин" айтып беришкен. Ошондой эле эжеси балдар үйүнө берип салам деп коркутарын кошумчалашкан.

"Жамгырчиева тиешелүү актыны түзгөндөн кийин кыздарды Бишкек шаардык балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлерине өткөрүп берди. Ал эми кыздардын атасы менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок. Бүгүн аны Акыйкатчынын Ош облусу боюнча өкүлү жашаган дареги боюнча издеп барып, кыздары менен байланыштырууга аракет кылат", — дешти институттан.

Бүгүндөн баштап кыздардын укугун коргоо жана коопсуздугун камсыздоо иштери башталды.

3372
Белгилер:
кыз, Акыйкатчы институту, Ош облусу, Бишкек
Тема боюнча
Атасы уурдап кеткен жигит 27 жылдан кийин кыргыз энесин тапты. Ыйлаткан видео