Унааны Ысык-Көлгө айдап кирип тамашалуу видео тарткандар. Милиция эмне дейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөл жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери "тамаша иретинде тартылган видеого" юридикалык баа берүүнү чечишкен.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Honda Accord үлгүсүндөгү унааны Ысык-Көлдүн суусуна салып, күлкүлүү видео тарткысы келгендердин окуясы тууралуу маалымат берди.

Бул видеоролик соцтармакка тарады. Анда көрүнүп тургандай, өзүн таксист деп тааныштырган айдоочу көк түстөгү автоунааны көлгө айдап кирген. Ал Бөкөнбаев, Кажы-Сай айылдары тарапка барарын айтып, көлдүн үстүнөн жаңы жол салынган деп "жүргүнчү" издейт. Бир саамдан кийин суунун астынан бир бала сүзүп чыгып ала кетүүнү суранат. "Жүргүнчү" унаага отургандан кийин айдоочу калп эле үнү менен унааны от алдырымыш болгон.

Таштанды толгон дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өнүккөн өлкөлөр желим таштанды менен күрөшүн баштады
Милиция видео аркылуу унаанын айдоочусун тапкан. Ал Каракол шаарынын 28 жаштагы Самат аттуу тургуну болуп чыкты.

Айдоочу 19-июнь күнү саат 17:00дө достору менен Каракол — Пристань айылындагы "Пантон" деген жерге барып, видеону ошол жактан тартышканын айтып берген.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, унаа атайын жайга токтотулган. Юридикалык баа берилүүсү үчүн иш Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0