Атагы артып... Шевченконун Instagram-аккаунтуна катталгандар миллионго жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызсандык UFC чемпиону Валентина Шевченкон. Архив
Кыргызсандык UFC чемпиону Валентина Шевченкон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу сүйүнүчтүү кабары менен бүгүн эртең менен бөлүшкөн.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызсандык UFC чемпиону Валентина Шевченконун Instagram-аккантуна жазылгандардын саны миллионго жетти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Спортчу бүгүн күйөрмандары менен сүйүнүчтүү кабарын бөлүшүп, аларга ыраазычылык билдирген.

"Биз бир миллионго жеттик. Рахмат!" — деп жазган мушкер.

Катталуучуларынын саны тездик менен өсүшүнө Шевченконун Чикагодогу UFC 238 турнириндеги жеңиши да таасир эткен. Анда спортчу америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Шевченконун бул соккусу социалдык тармактарда көпкө дейре талкууланган.

Мушкер Instagram баракчасына машыгуудагы, турнирдеги, саякат учурундагы сүрөттөрүн жүктөйт. Ошондой эле дүйнө элинин бийин бийлеген, ок аткан ирмемдерин чыгарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0