Финпол: Райым Матраимовдун байлыгы чет өлкөдөн табылган жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями (ГСБЭП) Бакир Таиров
Председатель Государственной службы по борьбе с экономическими преступлениями (ГСБЭП) Бакир Таиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакир Таиров Матраимовдордун мүлкүн иликтеп жаткан кезде эч ким кысым көрсөтпөгөнүн айтат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (ЭККМК, Финпол) бир дагы чет өлкөдөн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү мүлк тапкан жок.

Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Бакир Таиров "Азаттык" үналгысына берген маегинде айтты.

Бирок Таиров Финпол Матраимовдун байлыгын кайсы өлкөлөрдөн издегенин ачык айткан жок. Болгону иликтөөнүн жыйынтыгы келерки жумада даяр болорун билдирди.

"Биз иликтөөлөрдү февраль айынын башында баштаган элек. Кесипкөй кызматкерлер иштеп, бир топ документтерди чогултту. Иликтөөнүн өз мөөнөтү бар. Келерки аптада жыйынтыктарды коомчулукка жарыялайбыз", — деди Таиров.

Ошондой эле ал бул иш иликтенип жатканда эч бир тараптан кысым болбогонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0