Жээнбеков: мамлекеттик кызматта жупуну жашоону сүйгөн инсандар иштеши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит Владимира Путина в Кыргызстан
Государственный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Биз заманбап, коррупциядан арылган коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана кесипкөйлүктү талап кылган чөйрө. Бул кызматтарда дили таза, мекенчил, чынчыл, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, жупуну жашоону сүйгөн инсандар иштеши керек", — деди президент.

Ошондой эле өлкө башчы заманбап, коррупциядан арылган коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табыш керектигин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында кызматкерлерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бак-таалай, иште албан ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0