Карыганда күйөөм кызганып, балдардын ДНКсын текшертти. Айласы кеткен аялдын каты

© AFP / PHILIPPE HUGUENПожилая пара в Газебруке
Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кызганычтан күйөөсү менен болгон мамилеси солгундап бараткан аялдын каты жарыяланмакчы.

Жашым элүүгө таяп калды, тагыраагы 48 жаштамын. Карып баратканда бирөөгө сырымды айтыштан да тартынам. Ошол себептен психологго анонимдүү кат жазып көрүүнү туура көрдүм.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым төшөктө салкын. "Ыраазы" болбогон эркектин каты
Жолдошум менен бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 30 жыл болду. Сүйүшүп, сүйлөшүп деле үйлөнгөн эмеспиз. Таенеси мени жакшы көрүп эле алып берип коюптур. Мектепти бүтөөрүм менен ала качып кеткен. Жашообуз жаман болгон жок, эки кыз, бир уул күттүк, жети неберебиз бар. Сырттан караган адамдарга жакшы жашап жаткан үй-бүлө көрүнгөнүбүз менен барган сайын жашообуз татаалдашып, кыйындап баратат. Тагыраагы, жолдошум экөөбүздүн мамилебиз солгундап кетти.

Карыганда күйөөм кызганып кууратты. "Таап алган бирөөң бар, балдардын атасы башкабы" деп өз канынан жаралган балдарды ДНКга текшертем деп чыкты. Аны уккан уулум, турмушка чыккан кыздарыбыз чалкасынан кетишти. Улуу кызым атасына азыркыга чейин таарынып жүрөт, башы да ошонун айынан тынбай ооруйт. "ДНК тапшырбайбыз" деп чыгышканынан "атаңар анда мага тынчтык бербейт" деп жатып араң көндүрдүм. Жыйынтыгында балдардын баары өзүнүкү болуп чыкты. Бирок анда деле тынч алып калган жок. Көрсө, ким экенин так билбейм, бирөө "балдарың сага окшош эмес" деп коюптур. Ошондон бери "балдар эмнеге мага окшош эмес, башка адам менен жүрдүң беле" деп үйдө тынчтык жок.

Экөөбүз тең дин жолундабыз. Ага болбой тарбиялык маанидеги видеолорду көрсөтүп, кызганып, ар бир баскан кадамымды текшерип айламды кетирди. Атургай колу да тийген күндөр болду. Бир жакка кетип калсам өзүнө келип калар деп кызымдыкында бир ай жүрдүм. Күйөө бала, элден уялгандан кайра келсем эч өзгөрүү жок, баягыдай эле көрүнүш.

"Менден көңүлүң калса башка аял алып жаша, мени тынч кой, бара турган башка жерим жок, сен эркексиң бир айласын табаарсың, үйдү мага калтыр, мен кыздарым, неберелерим келсе эшик ачып отурайын" деп да сурандым. Ага да болбой койду.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызымды кайра боорума кыскым келет. Чүрпөсүн тууганы багып алган келиндин каты
Карып, күйөө бала күткөндө ушундай абалга тушугам деп ойлобоптурмун. Эми келин алсак эмне болот билбейм. Балдарыбыз да чырдан тажады. Кыздардын башын оорутуп, уулубуз болсо эрте эле армияга өз каалоосу менен кетип калды. Ал жактан келери менен Москвага иштегени кеткен. Азыр ошол жакта. Кыргызстанга барып үйлөнүп эле кайра кетем деп ал отурат. Ал деле аялынан уялат да...

Күйөөмдүн алдында ак, таза экенимди айтып түшүндүрүп жеткире албай койдум. Кетип калайын дейм, элден, куда-сөөктөн уялат экенсиң. Анын үстүнө кыздарымды жер караткым келген жок. Бирок жолдошумдун намысыма шек келтирип, чучукка жеткен сөздөрүнө да чыдабай калдым. Эмнеден улам ушундай болушу мүмкүн. Абалды кантип жөнгө салса болот. Бул кырдаалдан кантип чыгам? Айлам куруду...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Ар бир үй-бүлөдө кризистик этаптар болот. Биринчиси - үйлөнгөндөн кийин 2-3-жылдан соң башталышы мүмкүн. Анда жубайлар жаңы балалуу болуп, аялы күйөөсүнө көңүл бура албай, үй жумуштары, бала менен алагды болуп калат. Ошондо эркектер башка адамдан жылуу мамиле издеп башташы мүмкүн. Эгер мындай учурда жубайлар бири-бирине жетишерлик көңүл бурса, кырдаалдан жөн эле чыгып кетет.

Орто куракта, улгайып калганда да үй-бүлө кризистик кырдаалга дуушар болот. Орто курактагы эркектер картайгысы келбей кыздар менен сүйлөшүп же мамиле кура баштайт.

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум "кыз эмес келгенсиң" деп кордук көрсөтчү болду. Жаш келиндин каты
Мындан сырткары, балдары өзүнчө үй-бүлө куруп кеткенде жалгыз калган жубайлар да кыйын кырдаалды башынан өткөрүп жүрүшөт. Себеби алар буга чейин балага эле байланып, башка эч нерсе менен алек болгон эмес.

Бизге кайрылган аял күйөөсү экөө үчүнчү кризистик этапка туш келиптир. Балдары окууну бүтүп, үй-жайлуу болуп кеткенден кийин баары башталган. Балким, ага чейин болуп жүргөндүр.

Аял менен эркектин кызыкчылыктары бир болгон күндө гана баланын бар-жогуна карабай экөө бири-бирин түшүнүп жашайт. Экөөнү бала эле эмес, сезимдер да байлап турушу керек.

Кызганыч өзүнчө оору. Эгер жубайлардын бири-бирине ишеними жок болсо, ортодогу мамиле, үйдөгү ырк бузулат. Бизге кайрылган аялдын күйөөсү дал ушундай жаман сезимге алданып, көзүн май басып калган.

"Сүйүп, сүйлөшпөй эле үйлөнгөнбүз" дейт. Жаш кезинде бири-бирин түшүнө албаган жубайлар карыганда деле түшүнө албайт. Анткени ортодо сезим жок. Түпкүрүндө экөө бири-бирин жакшы көрүп сүйбөсө, бул нерсе жаш өткөндө деле минтип капка темене каткандай эле чыгып калат.

Ата-эненин ынтымагы бала үчүн да абдан маанилүү эмеспи. Үйдөгү араздашуудан экөө эле эмес, балдар дагы жабыркап жатат. Ушунун айынан алар кайрымсыз, таш боор болуп калат. Анан ата-энеси кайра "балам карабай кетти" деп таарынат. Аларга да көңүл, сүйүү, жакшы мамиле керек да.

Үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-энемди таштап, аялым менен жашап жатам... Айласы кеткен кишинин баяны
Кайрылган аялга айтарым, чыдоонун да чеги болот. Унчукпаган сайын жолдошу чын эле күнөөлүү экен деп башына чыга берет. Элден уялып жашай бергенде ден соолугу кетет. Ар кайсынын баарын ойлонуп атып, депрессияга түшсө өзү эле оорукчан болуп калат. Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат дегендей, элден, куда-сөөктөн корунуунун кереги жок. Эл үчүн жашоо — чекилдик. Аял өзүн ойлошу керек.

Акыл эси соо киши кантип баланы шылтап кызганат? Бардык эле бала ата-энесине куюп койгондой төрөлбөйт да. Жолдошун дарыгерге алып барып көрсөтүп, психолог менен иштешип көрсүн. Ага болбосо аял жаш эле экен, өзү үчүн жашасын. Психолог менен жеке сүйлөшсө да көп нерсе чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0