Көл жээгинде эс алуу жүрөккө кандай таасир этет? Окумуштуулардын иликтөөсү

Жазылуу
Мындай бүтүмгө келүү үчүн окумуштуулар бир нече жыл бою 3 миңге жакын адамдын жүрөгүн текшерип турушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Көл жээгинде эс алуу жүрөк ооруларын алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу Сиракьюс университетинин (АКШ) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып, Daily Mail басылмасы жазды.

Адам канчалык көп эс алса, анын зат алмашуу процесси ошончолук жакшы болот. Өз кезегинде бул кан басымын, организмдеги канттын деңгээлин нормага алып келет.

"Жүрөк ооруларына негизинен кан басымы менен организмде канттын деңгээли көтөрүлүп кетиши себеп болот. Тагыраагы, бул экөө дайыма нормасында болсо, жүрөктүн абалы жакшы бойдон сакталат. Ал эми суу жээгинде, нымдуу аба менен дем алуу жүрөктүн ишин эки эсе жакшыртат", — деп айтылат макалада.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн окумуштуулар бир нече жыл бою үч миңге жакын адамдын жүрөгүн текшерип турушкан. Жыйынтыгында 12 ай бою эс албай иштеген адамдарга караганда, маал-маалы менен эс алып тургандардын жүрөгү алда канча жакшы иштээри аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0