Батукаевдин иши: Нарын шаарынын кине коюлган соту үй камагына алынды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул судья боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, бирок камалган эмес.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Азиз Батукаевди бошотуу ишине тиешеси бар деп күнөөлөнгөн Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов үй камагына алынды. Бул туурасында маалымат булак билдирди.

Эске салсак, 23-майда Башкы прокуратура Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматов боюнча тергөө иштери башталган. Ал Батукаевдин "айыккыс оорусунан" улам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштамасын тыкыр иликтеп чыкпастан, аны канааттандырып берген деп шектелген. Нарын шаарынын мурдагы сотуна Кылмыш жаза кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү ("Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу") жана 317-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Бирок камалган эмес.

Скандал в тюрьме Гуантанамо - Sputnik Кыргызстан
Батукаев "ала жаткан" аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын айткан. Көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-июнда камакка алынган экс-прокурор Аида Салянованы өткөн апта аягында Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакта калтырды.

Андан кийин ошол кезде ЖАМКты жетектеп турган Зарылбек Рысалиев суракка чакырылып, имараттан чыккандан кийин ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Дарыгерлер анын сүйлөөсү начарлап, абалы оор экенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0