Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты

1124
(жаңыланган 09:43 24.06.2019)
Билдирүүдө соттун тизмесинде Раиса Атамбаеванын маркум агасын да кездештирүүгө болору айтылат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева экс-президенттин жана анын жакындарынын банктагы эсептерин текшерүүгө чыгарган токтому боюнча билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, бүгүн Биринчи Май райондук соту бир канча коммерциялык банктардан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө жана бир катар адамдарга тиешелүү эсептердеги депозиттер менен ячейкалардан документтерди алып чыгууга уруксат бергени тууралуу айтылган.

Жолдубаева аталган маалыматка тактоо киргизип коюуну туура көргөн. Анын айтымында, сот чечими тууралуу Атамбаевди жана анын үй-бүлөсүн кабардар кылган эмес.

“Экинчиден, Алмазбек Шаршеновичтин депозиттик эсеби да, банк ячейкасы да жок. Жалгыз эсеп Раиса Атамбаеваныкы, камакка ошол эсеп алынган. Үчүнчүдөн, тизмеде экс-президенттин жубайынын маркум агасы да жүрөт”, — деп жазган Жолдубаева.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Анын кайрылуусунда аталган тизмеде Атамбаевге тууганчылыгы жок күзөт кызматынын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеевди да кездештирүүгө болору келтирилген.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Эми аталган орган бир жуманын ичинде комиссиянын корутундусуна юридикалык баа бериши керек.

1124
Белгилер:
чечим, сот, тизме, Кундуз Жолдубаева, Раиса Атамбаева, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча аракеттер (46)
Тема боюнча
Атамбаев жана анын жакындарынын банктагы эсептерин текшерүү токтому чыкты
Медицина кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме

2
(жаңыланган 18:01 03.08.2020)
Өкмөт республикадагы мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринин кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринде өзгөчөлөнгөн кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сыйлыктарды вице-премьер Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тапшырды.

Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты

Ак ниет эмгеги жана саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн төмөнкү адистер сыйланды:

  • Насиржан Адашпаев — Онкология жана Гемотология улуттук борборунун интенсивдүү терапия палатасынын анестезиолог-реаниматолог дарыгери;
  • Нурдин Алмереков — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;
  • Бейшеналиев Илимгазы Айыпович — Нарын облусунун Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Бодошов Азат Умарович — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирустук лаборатория бөлүмүнүн башчысы;
  • Давлетбаева Марина Мамбетказиевна — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №1 бөлүмүнүн башчысы;
  • Докбаев Жээнбек Орозмаматович — Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери;
  • Ибраимов Бакыт Аскарович — Улуттук хирургия борборунун ичеги оорулар секторунун башчысы;
  • Кравцов Алексей Анатольевич — "Профилактикалык медицина" Республикалык илимий-практикалык борборунун врач-эпидемиологу;
  • Макешова Токтобүбү — Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын №6 бөлүмүнүн улук медайымы;
  • Мамасали уулу Жыргалбек — Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнү хирург-дарыгери;
  • Нурланова Махабат Мелисовна — Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын пульмонолог-дарыгери;
  • Өмүракунова Назгуль Советбековна — Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери;
  • Осмоналиев Калмурза Мукашевич — Чүй облустук стоматологиялык бейтапканасынын     стоматолог-хирургу;
  • Осмонов Дамир Асылбекович — менчек медициналык клиниканын башкы дарыгери;
  • Оторбаева Динагүл Сатаровна — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу, паразиттик оорулар жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы;
  • Салиев Алишер Гаппарович — Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын травматолог-дарыгери;
  • Самаков Алмаз Асанбекович — Улуттук хирургия борборунун чукул хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары;
  • Солтогулова Аиза Үрүстөмовна — Бишкектин Биринчи май райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери;
  • Тилеков Эрнис Абдышевич — Онкология жана Гемотология улуттук борборунун директору;
  • Үркүнчиев Таалайбек Токтобекович – Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Чынгышова Жамиля Амановна — Иса Ахунбаев атындагы КММАнын анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасынын кафедра башчысы.

Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон медиктердин так саны айтылды

Бардыгы болуп 21 адис Ардак грамота менен сыйланышты.

2
Белгилер:
сыйлык, грамота, өкмөт, дарыгерлер
Тема боюнча
Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндөгү атайы операция. Архив

Кой-Таш окуясы боюнча соттун онлайн-отуруму жылдырылды. Себеби

47
(жаңыланган 17:46 03.08.2020)
Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 5-августка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн видео байланыш форматында өтө турган соттук отурум айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу дарылоочу № 47 абакка которулганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум шаршемби күнү саат 10:00гө дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.

УКМК тергөө абагын карантинге жаптыбы? Мекеменин жообу

Кой-Таш окуясы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Атамбаевден тышкары, Кой-Таш окуясы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.

Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып кайра абакка которулду

ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.

 

47
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, Отурум, сот, Бишкек, Кой-Таш
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Тема боюнча
Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео