27 жылдан кийин кыргыз энесин тапкан Бактиярдын агасы: жолугушарыбызды сезгем

© Фото / предоставлено Алтаем Осмоновым27-летний Бахтияр из Латвии нашел мать через 27 лет
27-летний Бахтияр из Латвии нашел мать через 27 лет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын НТВ телеканалынын "Жди меня" берүүсү латвиялык Бахтияр 27 жылдан кийин кыргыз энесин таап, аны менен биринчи жолу көрүшкөн видеосун жарыялаган.

Узак убакыттан кийин табышкан эне-баланын видеосу көпчүлүктү жашытып, интернетте жакшы пикирлер айтылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги тагдыр ээлери менен байланышып маек алууга аракет кылган. Бирок Бахтиярдын энеси Айгүл Осмонова чет мамлекетте жүргөндүктөн сүйлөшө албай турганын айтты. Мындан улам Бактиярдын агасы Алтай Осмонов менен баарлашып, окуя тууралуу кененирээк маалымат алдык.

— "Жди меня" берүүсүнө сиз дагы катышыптырсыз. Бир тууганыңыз силерди кантип тааптыр? Окуя тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

— Бул берүүгө алгач Бактияр "апамды издейм, бирок кайда экенин билбейм" деп кат жазыптыр. Аны атасы Кыргызстандан бир жашка чыга электе уурдап кеткендиктен, апасы тууралуу такыр эле маалыматы жок экен. Айтымында, кийин атасы кармалып түрмөгө түшүп, Бактияр чоң апасынын колунда калат. Чоң энесинин да көзү өтүп кетип, балдар үйүндө чоңоюптур. Кийин социалдык кызматкерлер атасы менен жолуктуруп, тааныштырыптыр. Бирок атасы апам тууралуу эч нерсе айтпаптыр. Бактияр "Жди меня" берүүсүнө кайрылып, ал жактын кызматкерлери апамды издей башташат. Көрсө, Бактиярдын атасынын карындашы агасы Кыргызстанда болуп келгенин билчү экен. Бактиярдын энеси ошол жакта болушу мүмкүн деп бир аз маалымат бериптир.

Россиянка Наталья нашла отца Ишенбека Абыкеева спустя 32 года - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы
Екатеринбургда иштеп жүрсөм бир күнү таякем: "Жди меня" деген берүүдөн чалышты. Эжемди издеп жатышыптыр",- деп калды. Мен иним бар экенин билчүмүн. Дароо эле андан берүүнүн номерлерин алып, редакторуна чалдым. "Бизди издеп жатыптырсыңар, бала Латвиядабы?" - деп сурадым. Бирок алар коопсуздук үчүн анын кайда экенин айтышкан жок.

Ошол учурда апам, азыркы атам болуп баарыбыз Екатеринбургда болчубуз. Чакырган күнгө туштап апам, мен, аталаш иним үчөөбүз Москвага жөнөп кеттик. Бактияр болсо Латвиядан келиптир.

— Апаңыз алгач укканда кандай абалда болду? Уулун буга чейин издеген эмес беле?

— Башка үй-бүлө күткөндөн кийин турмуш-шартына байланыштуу издей деле алган эмес чыгар. Укканда кандай абалда болгонун чынын айтсам көргөн жокмун, жанында эмес элем. Бирок экөө студиядан көрүшкөндө жанында болчумун. Апам бакыттан ыйлаганын баарыңар көрдүңөр да. 

© Фото / предоставлено Алтаем ОсмоновымБактияр таенеси менен. Латвияга атасы уурдап кеткенге чейин түшкөн сүрөт
27 жылдан кийин кыргыз энесин тапкан Бактиярдын агасы: жолугушарыбызды сезгем - Sputnik Кыргызстан
Бактияр таенеси менен. Латвияга атасы уурдап кеткенге чейин түшкөн сүрөт

— Иниңиз бар экенин, ал Латвиядан жашарын сиз кайдан билчү элеңиз?

— Мен үйдүн улуусумун, тагыраагы, апамдын тун баласымын. Атам менен апам ажырашып кеткенде мен жети айлык экенмин. Таене-таятамдын колунда өстүм. Андан кийин апам Ригага кетип, Бактиярдын атасы менен ошол жактан таанышыптыр. Экөө Кыргызстанга чогуу келип, кийин уулдуу болушат. Бирок иним бир жашка чыга электе атасы аны уурдап кетиптир. Кичинекей болсом да анын жөрмөлөп жүргөнү элес-булас эсимде болчу. Таенем да айтып калчу. Ал тургай таенемдин Бахтиярды көтөрүп түшкөн сүрөттөрү да бар.

Кийин апам азыркы атабызга турмушка чыгып, төрт балалуу болду. Азыр баары чоңоюп, экөө турмуш курушкан. Апам жолдошу менен учурда Екатеринбургда иштейт. Мен да ошол жакта болчумун. Кыргызстанга жакында эле келип, кир жуугуч машина, муздаткыч оңдогон чакан ишкана ачтым.

— Бир тууганыңызды көргөндө башкача сезимдер болдубу?

Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео
— Сөзсүз. Мен ага жолугарымды да сезгем. Маңдайы жарык, ачык-айрым бала экен. Сырткы келбети, боюнан башкасынын баары апамдын көчүрмөсү. Берүү аяктагандан кийин биз жаткан мейманканага барып көпкө чейин чер жаза сүйлөштүк. Ал менден Кыргызстан жөнүндө көп сурады. "Бийик тоолуу, суусу көп аймак" десем "тоо да барбы?" деп таң калды. Көрсө, ал жашаган жакта тоо жок экен.

"Суроолорум көп эле, кайсы бирин айтаарымды да билбей калдым, силерди көргөндө баарын унуттум",- деп күлүп жаткан. Бир күн биздин мейманканага түнөп, эртеси учакка салып жибердим.

— Кайра Латвияга кеттиби? Байланышып турасыңарбы?

— Ооба, кайра Латвияга кетти. Соцтармактан жазышып турабыз. 

© Фото / Алтай Осмонов27 жылдан кийин табышкан ага-ини
27 жылдан кийин кыргыз энесин тапкан Бактиярдын агасы: жолугушарыбызды сезгем - Sputnik Кыргызстан
27 жылдан кийин табышкан ага-ини

— Кыргызстанга келем дейби?

— Негизи келем дегендей кылды. Бирок качан, кайсы маалда келерин айткан жок. Башкысы — жүрөгү тынч алып калды да. Кайсы маалда келсе дагы кучак жайып тосуп алабыз.

— Үй-бүлөсү бар турбайбы?

— Ооба. Келинчеги латыш кызы экенин айтты.

— Баса, Бактияр деген өзүнүн аты да, ээ?

— Бул жакта төрөлгөндө аты Бактияр деп коюлуп, ошону менен Латвияда деле Бактияр болуп жүрүптүр. Өткөндө жолукканда: "Латыштар атың да башкача, өзүң да эч кимге окшош эмессиң деп айтышат",- деп күлдү.

— Апаңыз эмне деп жатат?

— Билбейм. Сүйүнсө да, күйүнсө да апамдыкы баары ичинде. Анткени анын азыр башка жашоосу, жолдошу бар дегендей...

Жаңылыктар түрмөгү
0