КРден барган алп кочкор Гулливер Казакстандагы фестивалда 1-орунду алды. Сүрөт

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстандын кочкору Гулливер Казакстандагы II эл аралык асыл тукумдуу койлордун фестивалынын алкагында салмак жана дене түзүлүшү боюнча номинацияны жеңип алды
Кыргызстандын кочкору Гулливер Казакстандагы II эл аралык асыл тукумдуу койлордун фестивалынын алкагында салмак жана дене түзүлүшү боюнча номинацияны жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жарым жаштагы Гулливер финалда Казакстандын кочкору менен кез келген.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандын кочкору Гулливер Казакстандагы II эл аралык асыл тукумдуу койлордун фестивалынын алкагында салмак жана дене түзүлүшү боюнча номинацияны жеңип алды.

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстанские фермеры участвуют в международной выставке племенных овец в Казахстане
Кыргызстандын кочкору Гулливер Казакстандагы II эл аралык асыл тукумдуу койлордун фестивалынын алкагында салмак жана дене түзүлүшү боюнча номинацияны жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандын кочкору Гулливер Казакстандагы II эл аралык асыл тукумдуу койлордун фестивалынын алкагында салмак жана дене түзүлүшү боюнча номинацияны жеңип алды
© Sputnik / Гульдана ТалантбековаМеждународная выставка племенных овец в Казахстане
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө кочкорлор жаш курагына жараша бой, салмак жана дене түзүлүшү жагынан номинацияларда ат салышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө кочкорлор жаш курагына жараша бой, салмак жана дене түзүлүшү жагынан номинацияларда ат салышты.
1/2
Кыргызстандын кочкору Гулливер Казакстандагы II эл аралык асыл тукумдуу койлордун фестивалынын алкагында салмак жана дене түзүлүшү боюнча номинацияны жеңип алды
2/2
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө кочкорлор жаш курагына жараша бой, салмак жана дене түзүлүшү жагынан номинацияларда ат салышты.

Фестиваль кечээ, 23-июнда, Туркестан облусундагы Сайрам районунун Колкент айылында өткөн. Иш-чараны казакстандык FERMER.KZ коомдук бирикмеси уюштурду. Анда Кыргызстан менен Казакстандын командасы күч сынашса, Россия калыстык милдетти аткарды.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө кочкорлор жаш курагына жараша бой, салмак жана дене түзүлүшү жагынан номинацияларда ат салышты.

Города мира. Нур-Султан - Sputnik Кыргызстан
Нур-Султанда өтчү Евразия кинофестивалына Кыргызстандан "Аврора" барат
Эң алп жана келишимдүү кочкор деп Кыргызстандан чыккан Гулливер табылды. Ал жалпысынан 10дон ашык кочкор менен ат салышып, финалда Казакстандын афган гиссары менен кез келген. Калыстардын сунушу менен финалга дагы эки кочкор кошулган. Алардын салмактары 165-168 килограмм болсо, афган гиссарыныкы 175 килограмм чыккан. Ал эми өлкө атынан барган беш жарым жаштагы Гулливердин салмагы 188 килограмм чыгып, биринчи орунду камсыздаган.

Мындан тышкары, кыргызстандык фермерлер бир жаштан алты жашка чейинки кочкорлор сынагынан байгелүү орундарга ээ болушту. Ошондой эле кой кыркуу, кой союп, устукандоо боюнча байгелүү орундарга ээ болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0