Тамеки терип чоңойгон полковник. Улукбек Кочкоров тууралуу 9 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров
Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун туулган күнү. Мамлекеттик жана саясий ишмер 45 жашка чыкты.

Саясатта өз орду бар, УКМКдан тарта Жогорку Кеңешке чейин иштеп, кезинде президенттикке талапкерлигин койгон министр тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.

Тамеки терип өткөн балалык. Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. Министрдин бала кези элетте, тамеки, өрүк терип өткөндүгү тууралуу өзүнүн айтканы бар.

"Мен чоңойгон Кара-Бак айылы азыр район болуп шаарга айланды. Биз менен тең өскөн теректер кыйылып, ээн талаа таптакыр башкача болуп өзгөргөн. Ээн талаада мал кайтарып, сууга түшүп, ылай кечип жүрүп эле чоңойдук. Үйдүн улуусу болгондуктан 6-7 жашымда эле тамекиге чыга баштадым. Ата-энем алып келген тамекини түнкү саат он эки, бирге чейин тизип чыкчубуз. Аны түнкү 2-3кө чейин атам менен апам жайып, кайра таң атпай тамеки тергени кетишчү. Азыр ойлосом аябай эмгекчил кишилер экен. Тамекинин бир чыбыгын бүтүрсөңөр паркка алып барып келебиз дегенде кантип баарын жасап салганыбызды билбей калчу элек. 5-10 күн керелди кечке тамекиде иштеп, анан бир күн паркка барып, эки-үч аттракционго түшүп, балмуздак жегенге ыраазы болуп кайра келчүбүз", — деген Кочкоров. 

© Фото / пресс-служба ЖКУлукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган
Тамеки терип чоңойгон полковник. Улукбек Кочкоров тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган

Жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Улукбек Кочкоровдун атасы айыл чарба инженери болуп эмгектенген, азыр пенсияда. Энеси болсо эсепчи болуп иштеген. Эмгекчил ата-энесин Кочкоров дайыма үлгү катары көрөт.

Ботанический сад им. Э.Гареева в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Актёрлук айлыгы менен бир туугандарын кийинткен. Темир Сариев тууралуу 9 факты
"Атам да, апам да пенсияга кеткиче бир орунда иштешти. Жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон адамдар. Атам биз тура электе эле таң атпай жумушка кетип комбайн, тракторлордун ары-бери жагын карап керээли-кечке талаада жүрчү. Кайра үйгө биз уктап калганда, түн киргенде келчү. Атамдын көз карашынан эле баарыбыз сестенчүбүз. Азыр кээде балдарым бейбаштык кылып баратканда атамдын ыкмаларын колдоном", — деген министр.

Улукбек Кочкоров алты бир туугандын улуусу. Баары тең жогорку билим алып, өз ордуларын табышкан. Иниси Алмазбек Кочкоров Финансы министрлигинде иштейт.

Жашоосун өзгөрткөн мактоо баракчасы. Кочкоровдун бала кезинде эсинде калган окуяларынын бирин да жаза кетели. Ал — мактоо баракчасы.

"4-классты аяктап жатканда линейкадан кокустан эле жакшы окуган балдар менен катар мактоо баракчасын алып калдым. Жалаң төрткө окусам мындай алкоого татыйм деп ойлогон эмесмин. Үйгө барып атама "мага татыксыз берип коюшту" деп ыйлаганым да эсимде. Бирок бул мактоо баракчасы менин окууга болгон мамилемди түп тамыры менен өзгөртүп, шыктандырган", — деп айтып берген Кочкоров. 

© Фото / из личного архива Улукбека КочкороваУлукбек Кочкоровдун алты баласы бар. Анын төртөө — уул, экөө — кыз
Тамеки терип чоңойгон полковник. Улукбек Кочкоров тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоровдун алты баласы бар. Анын төртөө — уул, экөө — кыз

Экономист-финансист. Кыргыз мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун Финансы жана экономика министрлигинде башкы адис болуп баштаган. Экинчи адистиги — укук таануучу.

Полпред правительства в Чуйской области Алтынбек Намазалиев - Sputnik Кыргызстан
Атасы аким, агасы салыкчы. Чүйдүн жаңы башчысы Намазалиев жөнүндө фактылар
Полковник наамын алган. Кочкоров УКМКда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барган. Ал жактан экономикалык жаатта кандай коркунучтар бар экенине анализ жасап, президент, өкмөт башчыга маалымат беришчү. Аталган тармакта 13 жыл иштеп, катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгон.

Депутат. Кочкоров 2011-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламентте экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары болгон. Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Президенттик үчүн ат салышып... Кочкоров 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышып, талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн. Анда ал 11 талапкердин ичинен алтынчы сапка илинип, 8 498 добуш топтогон. Баса, Кочкоровдун бою 185 сантиметр. Ошол учурдагы президенттикке талапкерлердин сындууларынын бири болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековКочкоров 2011-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламентте экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары болгон.
Тамеки терип чоңойгон полковник. Улукбек Кочкоров тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Кочкоров 2011-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламентте экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жетекчисинин орун басары болгон.

Министр болуу шыбагасы буюруп... 2018-жылдын күзүндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде бир топ ызы-чуу иштер болуп, министр Таалайкүл Исакунова баш болгон анын үч орун басары кызматтан кетет. Көп өтпөй өкмөт бул кызматты Кочкоровго сунуштап, ноябрь айында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Мекеменин иши тууралуу буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен маек курган.

Үй-бүлөсү. Улукбек Кочкоровдун алты баласы бар. Анын төртөө — уул, экөө — кыз. Келинчеги Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет. Министр бош убактысын балдары менен паркка же кинотеатрга барып өткөрөт. Ошондой эле лыжа тээп, жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрөрүн айткан. Балдары менен кечкисин бир же эки саат "үй-бүлөлүк саат" өткөрүп, шахмат, шашки ойноп, чакан чемпионат уюштура калышат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0