Жээнбеков балдарды коргоодогу кемчиликтерди санады

Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укугу жөнүндөгү конвенциясы 1989-жылы кабыл алынган. Кыргызстан буга 1994-жылы кошулган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргыздар илгертеден эле балага байланыштуу баалуулуктарды аздектеген коом болуп эсептелет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Баланын укугу жөнүндө БУУ конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана КРдин бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда айтты.

Өлкө башчы ата-бабаларыбыз балдарды бапестеп, кийинки муунду чоӊ камкордук менен өстүргөнүн белгилеп, Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү да жаман эмес экенине токтолду.

"Кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты. Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү. Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Биздин өлкөдө балдардын укуктук негиздери жетиштүү деӊгээлде камсыз болгон. Конституциянын ченемдери үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун атайын кепилдиктерин карайт. Эч ким жынысы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, жаш курагы, саясий ынанымдары, билими, мүлктүк же башка абалына карата басмырлоого алынышы мүмкүн эмес экендиги каралган. Балдардын ар бири — дене боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл жашоо деңгээлине укуктуу", — деди Жээнбеков.

Случаи педофилии в индийском городе Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы
Президент мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдеттери кодексте так аныкталганы менен баары бир айрым кемчиликтер бар экенин кошумчалады.

"Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экени белгилүү. Социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөл системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дале жоюла элек. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө", — деди өлкө башчы.

Жээнбеков бул жагдайды өзгөртүү үчүн жалпы коомчулук жапа тырмак киришүүсү керек экенин белгилеп өттү.

"Биз ички мамлекеттик саясатыбызда өзгөчө эске алуучу дагы үч чакырык бар. Биринчиси, 2030-жылдан баштап Кыргызстанда калктын картаюсу башталат, башкача айтканда, улгайгандардын саны 10 пайыздан аша баштайт. Ошол эле убакта 18 жашка чейинки балдардын саны азыркы 33 пайыздан азайып, 29 пайызга чейин төмөндөйт. Экинчиси — биз региондогу эмгек өндүрүмдүүлүгү эӊ төмөн өлкө болуп жатабыз. Төмөнкү квалификацилуу адамдар талап кылынган экономиканын структурасы — бул 30 жыл мурдагы саясаттын кесепети. Үчүнчүсү — келе жаткан санарип жана инновациялык технологиялардын заманы жогорку квалификациялуу кызматкерлерди талап кылат. Бирок бүгүн 7 жаштан 14 жашка чейинки балдардын ичинен 51 пайызы гана эсептөө жөндөмүнө ээ болушкан", — деди Жээнбеков.

Президент аталган чакырыктарга туруштук берүү үчүн аткарыла турган иш-чаралардын комплексин да санап өттү. Анын айтымында, балдардын саламаттыгы, эрте жашында өнүгүүсү, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапатына көңүл буруу, эртеӊки күндүн талабына жооп берген инновациялык мектептер жана программаларды ишке киргизүү приоритеттүү багыттар болуп саналат.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта балдарын катуу сабады делген ата кармалды
Муну менен бирге ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын тагдыры, алардын укуктарын коргоо жана адамдык кадыр-баркын сактоо — мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктары экени айтылды. Президент ошондой эле турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо, анын ичинде зордук-зомбулуктан сактоо, өспүрүмдөрдү коомго интеграциялоо өкмөт жана жергиликтүү бийликтин негизги милдети экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укугу жөнүндөгү конвенциясы 1989-жылы кабыл алынган. Кыргызстан буга 1994-жылы кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0