Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жай

Ош: жарылуу болгон май куюучу жай кайра иштедиби? Нааразылык жана бийликтин жообу

685
(жаңыланган 19:41 25.06.2019)
Кырсыктан жабыркаган тургундар аталган станциянын таптакыр жабылышын талап кылып, эки ирет мэрияга кайрылганын айтышууда. Ал эми мэрия арыздар келбегенин билдирди.

ОШ, 25-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын кайрадан иштешине жергиликтүү жашоочулар нааразы. Алар бул жайдын биротоло жабылышын калаа бийлигинен талап кылышууда. Мындай пикирин кырсык катталган учурда жабыркаган 19-үйдүн жашоочулары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • АЗС на улице Исанова в городе Ош
    Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын кайрадан иштешине жергиликтүү жашоочулар нааразы
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • АЗС на улице Исанова в городе Ош
    Алар бул жайдын биротоло жабылышын калаа бийлигинен талап кылышууда.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын кайрадан иштешине жергиликтүү жашоочулар нааразы

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 20-мартында Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичирайонуна кире бериштеги күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыккан. Жарылуунун кесепетинен эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген. 59 жана 35 жаштагы эки жабырлануучу шаардык жана облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Окуянын күбөлөрү жерине барган кабарчыга өрттөн мурун жарылуу болгонун, мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткендигин билдирген. Окуядан соң калаа бийлиги мындан ары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыга тургандыгын маалымдаган.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, жарылуудан соң Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Аталган үйдүн башчысы Самаркан Мырзаназарованын айтымында, жарылуудан кийин аталган үйдүн жашоочулары жалпы 500дөй адамдын колу коюлган арыз калаа башчысы Таалай Сарыбашовго эки ирет жолдонгон. Алар арызда аталган көчөдө жайгашкан "күйүүчү май куюучу жай кайрадан иштетилбесин" деген талап коюшкан.

Домком дома №19 в городе ОШ Самаркан Мырзаназарова
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарындагы 19-үйдүн башчысы Самаркан Мырзаназарова

"Себеби бул жай биз жашаган үйгө өтө жакын. "Кайрадан жарылуу болбойт" деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз дайым коркуп жашагыбыз келбейт. Учурда май куюучу жай кайрадан калыбына келтирилип, курулуш иштери жүрүп жатат. Жада калса, ачылыш аземин өткөрүп, чай бергенин уктук. Демек, кайрадан иштеп баштайт. Шаар мэри Таалай Сарыбашовго арыз менен кайрылгандан бери бир топ убакыт өтсө да жооп ала элекпиз. Биз шаар тургуну катары бул кооптуу жайдын жабылышын талап кылабыз", — деди Мырзаназарова.

Жарылуу катталган жерге барган кабарчы күйүүчү май куюучу жай кайрадан калыбына келтирилип жаткандыгын, курулуш иштери дээрлик аяктап калгандыгын билдирди.

Ал эми аталган жайдын ээси менен байланышып, комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

19-үйдүн тургундарынын арызы тууралуу маалыматты тактоо үчүн калаа башчысы Сарыбашовго кайрылганыбызда, ал аталган үйдүн тургундарынан мындай маанидеги арыз келбегендигин билдирди. Анын айтымында, кырсыктан кийин калаадагы күйүүчү май куюучу 44 жай текшерүүгө алынып, 18 станцияда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы аныкталган.

Полномочный представитель правительства в Ошской области Таалайбек Сарыбашов
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов

"Эртең, 26-июнь күнү, күйүүчү май куюучу жайдын ээлери менен жолугушуу уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүрөт" — деди мэр.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы Шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов да жашоочулардан арыз келип түшпөгөнүн айтты.

Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев жарылуу болгон май куюучу жайдын ээсине тергөө аяктап, соттун чечими чыкмайынча аны кайра курууга же иштетүүгө болбой тургандыгы оозеки эскертилгендигин билдирди.

Старший инспектор Госэкотехинспекции по гогорду Ош Гыламидин Базарбаев
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев

"Бүгүн да бул жайдын ээсине эскертүү берүү үчүн кат даярдап жатабыз. Соттун чечими чыкканга чейин курулуш иштерин жүргүзүү же иштетүү мыйзамсыз болуп эсептелет", — деди ал.

Базарбаевдин билдиришинче, аталган май куюучу жай 2000-жылдан бери иштеп келе жатат. 2018-жылдын декабрь айындагы пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө анын турак үйлөрдөн талапка ылайык 50 метр эмес, 43 метр аралыкта жайгашканы аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Мындан сырткары, аталган жайга алдоо жолу менен май куйгандыгы боюнча 5000 сом өлчөмүндө, өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы боюнча да 5000 сом айып пул салынган.

"Жарылуудан соң бул жай текшерүүгө алына элек. Себеби мыйзам боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу коопсуздук эрежелери сакталып-сакталбагандыгын азырынча текшере албайбыз", — деди ал.

Базарбаевдин айтымында, жарылуу фактысы катталган соң Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы Ош шаардык мэриясынын буйругунун негизинде Экономика министрлигинин аймактык башкармалыгы менен макулдашып, калаадагы май куюучу 44 жайды текшерүүгө алган.

"Текшерүү учурунда 12 жайдын ээси текшерүүгө барган кызматкерлерди аталган жайга киргизбей, ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүүгө тоскоолдук жараткандыгы үчүн алардын үстүнөн Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылдык. Ал эми 22 жайда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы, ченемдик нормалар бузулгандыгы аныкталып, ал боюнча материал сотко өткөрүлдү", — деди Базарбаев.

Ушу тапта калаадагы май куюучу 44 жайдын баары тең ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

685
Белгилер:
жарылуу, Ош, май куюучу бекет
Тема боюнча
Ош: май куюучу жайда жарылуу болгону айтылууда, бир киши жабыркады
Мэрия: Ош шаарындагы кооптуу делген май куюучу жайлар жабылат
Жарылуу болгон Бейрут шаары

Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж

0
Акыркы маалыматтар боюнча, ири кырсыктын кесепетинен 100дөн ашык киши каза болуп, төрт миңден көбү жабыркаган. Жарылуу 4-августта катталган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бейруттагы катуу жарылуудан төрт оорукана түп орду менен талкаланып, бейтаптар башка мекемелерге жайгаштырылды. Ал эми кырсыктан жабыркагандар ооруканаларда орун жетишсиздигинен кайдан жардам алышты билбей жатат. Бул тууралуу Ливандын саламаттык сактоо министри Хамад Хасандын айтымына таянып РИА Новости билдирди.

Ал эми шаардын губернатору Марван Аббуд жарылуудан кийин Бейруттун жүз миңдеген жашоочулары үйлөрүн таштап башка жакка кетүүгө аргасыз болгонун кабарлады.

Буга чейин ал порттогу жарылуудан 10 куткаруучу көз жумганын айткан.

"300гө жакын адам аргасыздан үйлөрүн таштап кетти. Шаар 3-5 миллиард доллардай чыгымга учурады", — деди Аббуд.

Акыркы маалыматтар боюнча, ири кырсыктын кесепетинен 100дөн ашык киши каза болуп, төрт миңден көбү жабыркаган.

Жүрөктү титиретет! Бейруттагы  катуу жарылуунун видеосу 

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

0
Белгилер:
бейтап, оорукана, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия
Бейруттун ири жарылуу болгон жеринен түз алып берүү
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

76
(жаңыланган 18:43 05.08.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавируска чалдыккан учурда койдун майын же башка майларды сыйпоо же ичүү тууралуу медициналык көз карашын билдирди.
Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

Койдун майын же башка майларды сыйпоо физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, койдун, кашкулактын же башка жаныбарлардын майын дарылануу үчүн колдонсо болот, бирок айрым маанилүү делген эрежелерди сактоо керек.

Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн

"Илгертен эле апаларыбыз жөтөлүп калса көкүрөгүнө, далысына койдун майын сыйпаган. Бул ошол сыйпалган жерди жылуу кармап физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Эгерде жабыркаган органга суук өтүп ооруп жатса гана мындай ыкма пайдалуу. Кеселдеген  органды сыртынан ысытып, кан айланууну жакшыртып турат. Негизи эле койдун майынан башка да элдик медицинада колдонулуп келген майлар ушундай иш аткарат. Бирок аларды сүткө кошуп же башка бир суюктуктарга кошуп ичүү кооптуу. Биринчиден, ооруп турган адамдын бооруна күч келтирет. Мунун кесепети кийин жаман аякташы да ыктымал", — деди Естебесова.

Дарыгер адамда холецистит, панкреатит, гепатит болсо мындай ыкма менен дарыланбай эле койгону туура болорун кошумчалады.

76
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: коронавирустан айыккан адам элге качан аралашса болору белгисиз