Жээнбеков: Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даярбыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында жарылуу болгон.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бүгүн, 25-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Родители, я вас люблю! Военный записал видео во время взрывов в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
"Эгер тирүү калбасам...". Казакстандагы жарылууда аскердин ыйлап жаздырган видеосу
Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Туркестан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты. Ал Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.

Белгилей кетсек, 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында жарылуу болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган. Жарылуудан каза тапкандардын саны эки кишиге жетти. Көз жумгандардын бири аскер кызматкери болсо, бири - жай тургун. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, жалпы жонунан дарыгерлерге 165 адам кайрылган. Анын 89у ооруканага (18и — бала, 13ү — кош бойлуу аял, бешөө — жаңы төрөгөн келиндер) жаткырылды. 15 бейтап реанимацияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0