Булганган аба аялдарды эмчек рагына кептейт. Иликтөө

© AFP / WANG ZHAOКөчөдө бараткан маскачан кыз. Архив
Көчөдө бараткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер абасы кир аймакта жашаган аялдарга маал-маалы менен маммологго барып турууну сунуштайт.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Абанын булганышы бир гана өпкө ооруларын эмес, эмчек рагын дагы шартташы мүмкүн. Бул тууралуу окумуштуулардын Environmental Science & Technology Letters илимий журналына жарыялаган иликтөөсүнө шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды.

"Ири шаарларды булгаган ыштын курамында сымап жана кадмий сыяктуу химиялык заттар болот. Алар адамдын организмине аба аркылуу кирип отуруп, чогулуп калат. Кийин акырындап эндокринологиялык функцияны начарлатат. Мунун кесепетинен аялдар эмчек рагына чалдыгат", — деп айтылат макалада.

Эмчек рагы менен жабыркаган аялга операция жасап жаткан хирурдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мастопатияны жакшы дарылаңыз! Эмчек рагынын белгилери, себеби, алдын алуу жолдору
Андыктан адистер абасы кир аймакта жашаган аялдарга, өзгөчө мурда туугандарынын кимдир-бирөө эмчек рагы менен ооруган болсо, маал-маалы менен маммологго барып турууну сунуштайт.

Мындан тышкары, окумуштуулар толук, этек кири эрте келген (12 жашка чейин), биринчи баласын 35 жаштан кийин төрөгөн жана ичимдикти көп ичкен аялдарда эмчектин залалдуу шишигине кабылуу тобокелдиги жогору экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0