Баланын окуудагы жетишкендигин жогорулатчу жөнөкөй ыкма айтылды

Жазылуу
Адистер 2003-2004-жылдары мектеп босогосун аттап, окууну аяктап жатканда математика, табият таануу жана англис тилинен экзамен тапшырган 112 балага анализ жүргүзгөн.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Американын психологиялык бирикмесинин окумуштуулары балдардын мектептеги жетишкендигин жогорулатуунун жолун аныкташканын "Известия" жазды.

Маалыматта так илимдерге эмес, маселен, музыкага көңүл койгон окуучулар экзамендерде классташтарына салыштырмалуу жогору баа алганы айтылат.

Мастерская художницы Флёры Даминовой в Казани - Sputnik Кыргызстан
ЖРТдан кулап калгандар кайда барса болот? 32 адистиктин тизмеси
Адистер 2003-2004-жылдары мектеп босогосун аттап, окууну аяктап жатканда математика, табият таануу жана англис тилинен экзамен тапшырган 112 балага анализ жүргүзгөн. Иликтөөдө окуучулардын жынысына, тегине жана социалдык-экономикалык абалына көңүл бурулганы айтылат. Мындан тышкары, катышуучулардын 13 пайызы музыка менен алектенген.

Натыйжада музыка сабактарына барган балдар экзамендерде жогорку бааларды алышкан.

"Биз көп учурда математика, табият таанууга жана тил сабактарына даярданыш керек дегенди угабыз. Кызыгы, музыкалык билим илимий жетишкендиктердин бардыгын жакшыртышы мүмкүн", — деп айткан иликтөөнүн автору Питер Гузуасис.

Ал эми Кыргызстанда ЖРТдан эң жогорку упай алган Элдияр аттуу жигит тестке даярдануу үчүн жарым жылдай телефон колдонбогонун айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0