Экс-президент КР Алмазбек Атамбаев около своего дома в селе Кой-Таш где собираются люди - Sputnik Кыргызстан

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанында эмне болуп жатат?

Жазылуу
ЖК комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевди иммунитеттен ажыратуу боюнча маселени кароо сунушун киргизген.

25-июнь күнү Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевди беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деп тапты. Бул тууралуу Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин талкуусунда билдирген.

Натыйжада комитет Атамбаевди "экс" макамынан жана кол тийбестигинен ажыратуу маселесин жалпы жыйында кароо сунушун жөнөткөн.

 Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында, тагыраагы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн аймагында "Элдик штаб" уюштурулгандыгы кечээ, 25-июнда маалымдалган.
Бүгүн, 26-июнда, Кой-Таш айылындагы экс-президенттин үйүндө жана анын айланасына Атамбаевдин тарапташтары чогулду.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Атамбаевдин айланасындагы кырдаалга көз салып, тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:35 26.06.2019

Атамбаевдин үйүнүн жанына 7-8 атчан кишинин келгени айтылды. Жалпы жонунан абал тынч.

Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
21:51 26.06.2019

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселе каралган жок. Танапистен кийин кворум болбой жатып, жыйын араң дегенде кечигип башталды. 

Азырынча аталган маселе качан каралары белгисиз. Депутат Каныбек Иманалиевдин ЖМКлардын бирине берген маегинде экс-президентти иммунитеттен ажыратуу бейшмби күнү кворум болгондо каралышы мүмкүндүгүн билдирген.

Заседание Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жоктугунан убагында башталбай калды
21:44 26.06.2019

Күзөт кызматынын жетекчиси үйдүн короосунда жүргөн аялдарды аялдардан "лагерден" кетүүсүн талап кылууда. Ушу кезде 100-150дөй адамдын жүргөнү айтылды.

Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
21:28 26.06.2019

Азыркы тапта Атамбаевдин үйүнүн жанына топтолгон адамдардын саны кыйла өскөнү айтылды.

17:11 26.06.2019

Алмазбек Атамбаев, 2019-жыл, 26-июнь. Кой-Таш айылы 

17:01 26.06.2019

Алмазбек Атамбаев учурда 63 жашта. Эки ирет премьер-министр жана бир ирет президент (мамлекет башчы) болгон. 

 

Атамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Алмазбек Шаршенович — өмүр баяны
16:48 26.06.2019

Учурда "Элдик штаб" жайгашкан аймакка (Кой-Таш айылы, экс-президент Атамбаевдин үйү жайгашкан жер — ред.) автоунаалар менен матрацтарды жүктөп келгенин билдиришти. 

Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
14:02 26.06.2019

Атамбаев түшкө жуук жасайм деген билдирүүсүн кагаз жүзүндө таратты. Экс-президент өзүнө тагылган айыптоолор "түккө турбаган" кептер деген. Андан сырткары жоопкерчиликтен коркпой тургандыгы кабарланды.

Экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселесин карай турган депутаттык комиссия жиберген корутундуну прокуратура  — "бир күндө мыйзамдаштырып берери оюна келбегендигин" айткан. 

Батукаев боюнча. "Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчилик кылып айтып берет деп ойлойм",— деп жазылган билдирүүдө. 

12:54 26.06.2019

Sputnik кабарчысы Атамбаевдин үйүнүн алдына эмне үчүн бир машина таш ташып келинип, дал дарбазанын алдына төгүлдү деген суроого жооп алды.

"Экс-президенттин үйүндө ремонт болуп жаткандыктан ташып келишти", — деп жооп беришкен алар.

12:21 26.06.2019

Мындан алты күн мурда, тагыраагы 20-июнда, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев анын парламентке чакырылышын төмөнкүчө айткан.

"Иммунитетин алуу чечими каралган күнү Атамбаевди расмий түрдө чакырабыз. Бирок буга чейинки жыйындарыбыздын бардыгы ачык өттү. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы каалоочуларга эшик ачык деп айткан. Ал эми расмий чакыруу жибербегенибиздин себеби бар. Юристтер менен кеңешсек, катты почта аркылуу жөнөтүшүбүз керек экен. Ал кат өтө кеч жетмек", — деген  Иманалиев.

   

Присяга министров КР в парламенте перед президентом и депутатами - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Жогорку Кеңешке качан чакырылары айтылды
12:15 26.06.2019

Эртең менен бул жерге бетон тосмолор алып келинген. Учурда алардын да аталган аймакка тизип коюлганын көрүүгө болот. 

12:00 26.06.2019

Азыр Атамбаевдин үйүнүн жанында, айланасында эл басып жүрөт. Өзгөчө эч нерсе деле байкалбайт, бирок аталган аймакка автоунаа менен алып келген ташты түшүрүп жатышат. 

11:55 26.06.2019

Бүгүн күнгө шаршемби. Июнь айынын соңку күндөрү. Аптап өз күчүндө. Синоптиктер бүгүн, 26-июнда, өлкө аймагы боюнча күн ачык болорун айтышты. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +33…+35 градуска чыгат.

 

 

11:49 26.06.2019

Кечээ, 25-июнда,  башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  "экс-президент  Алмазбек Атамбаевге Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнө экс-президенттин тиешеси болушу мүмкүндүгү байкалды", - деп билдирген.

"Коюлган алты айыптын биринчиси негизсиз деп табылды. Калган бешөөндө кылмыштын белгилери байкалып турат", — деген Жамшитов.

11:40 26.06.2019

Атамбаев айланасындагылар менен сүйлөшүп жатып, саат 14:00гө чейин билдирүү жасарын айтты. "Азыр барып кошумчалайм" (билдирүүнү - ред.), - деди ал. 

11:38 26.06.2019

Атамбаев ошол жердеги эл менен учурашып, сүйлөштү. Жанында Фарид Ниязов жүрөт.  Айланасында спорттук дене түзүлүштөгү бир нече адам коштоп жүрөт. 

11:31 26.06.2019

Чогулган элдин алдында турган Атамбаев эки колун жайып, жараткандан элге тынчтык каалап, бата тиледи. Анын жанынан журналисттер менен кошо анын тилектештерин, соратниктерин, партиялаштарын көрүүгө болот. 

11:25 26.06.2019

Экс-президент жашаган үйгө адамдар акырындап чогула баштагандыгын байкоого болот. Короонун ичине көк чатыр тигилген. Ал жерде видеокамера менен журналист отурат. Андан сырткары жолдон биотуалет ташып бараткан автоунааны жолуктурдук. 

Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
11:22 26.06.2019
11:17 26.06.2019

Экс-президенттин үйүнөн бир аз обочороок төрт боз үй тигилип турат. Ал жерде кишилердин басып жүргөнүн көрүүгө болот. 

Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
11:14 26.06.2019

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылынын аймагындагы үйүнүн алдына бетон тосмолор коюлду. Буга чейин айрым журналисттер аталган үйдүн короосунда маалымат борбору уюштурулганын жазып чыгышкан. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы учурда ошол жерде жүрөт. 

11:12 26.06.2019

Атамбаевдин тиешеси байкалган иштер боюнча башкы прокуратура төмөнкүдөй чечим чыгарды:

1. Кой-Таш айылындагы жер тилкеси мыйзамда каралган тартиптерди бузуу менен алынган деген айып боюнча — КРдин Аскер прокуратырасында Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери тергелүүдө. Топтолгон материалдарда кылмыш иштеринин бардыгы тууралуу маалымат жетиштүү;

2. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар деген айып боюнча — КРдин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөсүндө КРдин Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 1-бөлүгү каралган сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. Тергөө материалдарында айтылгандай, өзгөчө оор кылмыштарды жасаган Азиз Батукаевди бошотууга Атамбаевдин көрсөтмөсү болгон жана бул жаатта иш-чараларды уюштурууну ошол кездеги ички иштер министри Шамил Атахановго тапшырган.

3. Акча адалдаган "Ака инвест" компаниясына тиешеси бар деген айып боюнча - КРдин Аскер прокуратырасында Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери белгиленген. Буга чейинки чогулган материалдарга караганда, бул иште аты байма-бай аталган Субихи Пархати аттуу жаранга тиешелүү делген байлыктар Атамбаевге тиешелүү экени көрүнүүдө, маалыматтар жетиштүү.

4. ТЭЦти реконструкциялоодогу коррупцияга аралашкан деген айып боюнча - 2019-жылдын 12-июнунда УКМК тарабынан Атамбаевге карата материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү боюнча каттоого алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына ылайык, Бишкек ТЭЦинин модернизациясынын долбоорунда Атамбаевдин аталган жагдай боюнча тиешеси бар экени аныкталды.

5. ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргогон деген айып боюнча - КРдин Аскер прокуратырасында Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери тергелүүдө. 2014-жылы Атамбаев "Рассвет" компаниясына мыйзамсыз пайда көрүүгө жол ачып, мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жана зыян келтирген деген маалымат жетиштүү.

Комитет Башкы прокуратуранын билдирүүсүн эске алуу менен Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча маселени Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0