Экс-президент КР Алмазбек Атамбаев около своего дома в селе Кой-Таш, где собираются люди

Алмазбек Атамбаев учурда кайсы жакта? Сүрөт, видео

1868
(жаңыланган 12:37 26.06.2019)
Экс-президент Алмазбек Атамбаев учурда Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулган тарапташтары менен жолугушту.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 26-июнь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана бир катар журналисттер анын Кой-Таштагы үйүнө барды.

  • Экс-президент КР Алмазбек Атамбаев около своего дома в селе Кой-Таш где собираются люди
    26-июнь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана бир катар журналисттер анын Кой-Таштагы үйүнө барды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Член политсовета СДПК Фарид Ниязов и экс-президент КР Алмазбек Атамбаев около своего дома в селе Кой-Таш, где собираются люди
    Экс-президент КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов менен биргеликте тарапташтары менен жолугушуп, алардын бирин туулган күнү менен куттуктап, кол саат белек кылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Экс-президент КР Алмазбек Атамбаев около своего дома в селе Кой-Таш, где собираются люди
    Мындан тышкары, журналистттердин бир нече суроосуна жооп берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
26-июнь күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана бир катар журналисттер анын Кой-Таштагы үйүнө барды

Экс-президент КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов менен биргеликте тарапташтары менен жолугушуп, алардын бирин туулган күнү менен куттуктап, кол саат белек кылды. Мындан тышкары, журналисттердин бир нече суроосуна жооп берди.

"Маанайым жакшы, бүгүнкү күн дагы жагымдуу болуп турат. Болгону күн аябай ысыды, бирок баары жакшы болот", — деди Атамбаев.

Ал эми экс-президент макамынан ажыратуу маселеси боюнча суроого: "Жакында жазуу түрүндө билдирүү жасайм, окуйсуңар",- деп жооп кайтарды.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Ал эми көзөмөл органына 25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте Алмазбек Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген.

Андан соң маселе парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

1868
Белгилер:
жолугушуу, үй, Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш
Тема:
Алмазбек Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу боюнча аракеттер (46)
Тема боюнча
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына бетон тосмолор коюлду. Сүрөт
Бишкектеги жол оңдоо иштери. Архив

Бишкекте оңдолуп жаткан жана бүткөрүлгөн көчөлөр. Мэриянын тизмеси

2
(жаңыланган 19:42 06.08.2020)
Ордо калаанын борбордук делген бир катар көчөлөрүндө иш кызуу жүрүп жатат. Мындан сырткары жакынкы убакта жети көчө оңдолуп бүткөнү маалымдалды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Учурда Бишкекте кайсы көчөлөр оңдолуп жатканын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы айтып берди.

Ага ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө бир нече көчөдө жүрүп жатат. Быйыл "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы 5,4 чакырымды түзгөн 13 көчөнү иретке келтирет.

Бишкекте жол куруу боюнча тендерди кытайлык компания утуп алды. Тизмеде 60 көчө бар

Ушул тапта жумуш жүрүп жаткан жерлер:

  • Ибраимов көчөсүндө Жибек Жолунан Күрөңкеевге чейин;
  • Пушкин көчөсүндө Павловдон Бейшеналиевага чейин;
  • Бобулов көчөсүндө Чүй проспектисинен Пушкинге чейин;
  • Аэропорт көчөсүндө Ажыбек баатырдан Безымянныйга чейин.

6-августта Белорусская, Осмонов, Васильев, Аул, Ашхабад, Кокчетау, Тыныстанов көчөлөрүндө капиталдык курулуш иштери аяктады.

Ошондой эле Түлөбердиев көчөсү дагы оңдолуп бүтөйүн деп калды. Мындан сырткары Үсөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жакында аяктайт.

2
Белгилер:
оңдоо, көчө, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Ысык-Көлдө заманбап жол курууга канча акча кетет жана ал кайдан алынат. Тизме
Кыргыз Республикасынын желеги. Архивное фото

Кыргызстандын туусу тартылган ажаткана каражаттары онлайн-сатыкка чыкты

72
(жаңыланган 19:00 06.08.2020)
Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды.

Орунсуз жерге КРдин мамлекеттик символикасы камтылган жарнаманы Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар жиберди. Алар популярдуу америкалык интернет дүкөндөрдүн жана соода тармактардын сайттарына жайгаштырылган. Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.

Коврик и крышка унитаза с государственной символикой КР продаваемая на платформе электронной коммерции
скриншот с сайта walmart.ca
Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуя боюнча үн катып, жосунсуз жорук экенин белгиледи.

"Бизде желектер тартылган футболкаларды, баш кийимдерди кийишет, айрымдар кийимдин ар кайсы бөлүктөрүнө символ коюшат. Бирок бул сатуучулар сунуштаган нерсе моралдык жактан туура эмес деп ойлойм", — дейт министр Азамат Жаманкулов.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 175-беренесине ("Мамлекеттик символдорду мазактоо") ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербин, мамлекеттик туусун же мамлекеттик гимнин мазактоо, I категориядагы айып пул (20-30 миң сом) же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (40-60 саат) тартуу түрүндөгү жазага алып келери айтылат.

Электрондук коммерциялык аянтчаларда башка мамлекеттердин да желек, туусу сатыкта турат.

Катуу шамалдан улам "Ала-Тоо" аянтындагы желек тытылып кетти. Сүрөт

Эске салсак, 2019-жылы Бишкекте пенсиядагы айым компаниялардын биринин жанындагы аймакты тазалап жатканда желектин сүрөтүн ленталарга салып, аларды автоунаа токтоочу жайдын тосмосу катары кызмат кылган кабель менен байлап койгону үчүн айыптаган.

72
Белгилер:
дүкөн, интернет, Америка, жорук-жосун, Символ, желек, Кыргызстан
Тема боюнча
Оренбургдан 20 автобус кыргызстандык келди