БАЛЫКЧЫ, 26-июн. — Sputnik. Бүгүн, 26-июнда, Улуттук гвардиянын №10128 аскер бөлүгүнүн улук сержанты Кайратбек Рапиев Балыкчы — Тоң — Каракол — Чолпон-Ата багыты боюнча ультрамарафонго чыкты.
Улуттук гвардиянын маалымат катчысы Толкунбек Райымжановдун айтымында, Рапиев мындай аракетин Улуттук гвардиянын түзүлүшүнүн 27 жылдыгына арнаган. Андан сырткары, жаштарды сергек жашоого үндөөнү да максат кылган.
Рапиев 26-июнда саат 19:00дө чуркап чыгып, үч сутка уктабай Балыкчыдан Чолпон-Атага айланма жол менен келмей болду. Өзүнүн айтымында, бул марафонго кыштан бери даярдык көрүп келген.
"Болжол менен 80 саатта же үч суткада Чолпон-Ата шаарына жетем го. Тынбастан чуркап баратып суу ичип, буттарды эс алдырганы басып баратканда тамактанам", — деди Рапиев.
Жөө күлүктү Улуттук гвардиянын медициналык кызматкерлери, тасмага тартчу топ коштоп жүрөт.
Рапиевди Балыкчы шаарынан калаа мэри Марат Кудайбергенов, Жоокерлер энелеринин комитетинин төрагасынын орун басары Нурбүбү Сартова, Балыкчы шаардык №20636 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери узатышты.
Эскерте кетсек, Рапиев буга чейин Балыкчы шаарынан Бишкекке дейре чуркаган болчу. 30 жаштагы жоокердин эки кызы бар.
Улуттук гвардия көз карандысыз мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында президенттин 1991-жылдын 3-декабрындагы жарлыгы менен түзүлгөн. 1992-жылдын 20-июлунда жазгы чакыруудагы алгачкы гвардиячылар мекенине жана элине ант берген.
Ушу тапта Улуттук гвардияга Талантбек Эргешев командачылык кылат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган. Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт.
"Мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында жакын туугандарына жана аффилирленген жактарга көмүскө түрдө каттаткан. Атап айтканда, үч особнягы, шаардын чок ортосунан 20 батирлүү дагы бир особнягы жана кымбат баадагы автоунаалары болгон. Ошондой эле туугандары менен чет мамлекетке эс алууга байма-бай барып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда. Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет.
Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды.
Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.
"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.
Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.
Бир учурда эки дивизиондун чемпиону болгон Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин реванш беттеши мелдештин эң башкы кармашы болду. Жеңил салмакта Майкл Ченлер менен Дэн Хукердин кармашы да көрүүчүлөргө өзүнчө кызык тартуулады.
Порье беттештин экинчи раундунда атаандашы Макгрегорду нокаутка сулатып, мөөнөтүнөн мурда утту. Бул ирландиялык мушкердин ММА спортундагы карьерасында биринчи бүк түшүүсү болду.
Турнирде Bellator уюмунун экс-чемпиону Майкл Чендлердин бет ачар таймашы ийгиликтүү аяктады. Ал экинчи башкы беттеш деп саналган кармашта Дэн Хукерди биринчи эле раундда нокаутка кетирип утуп алды.
Россиялык мушкер Арман Царукян америкалык Мэтт Фревол менен таймашып, калыстардын бир добуштан берген чечими менен утуп алды.
Баштапкы карддын алкагында октагонго дагы бир россиялык атлет Мовсар Евлоев чыгып, америкалык Ник Ленц менен кармашты. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.