Алмазбек Атамбаев азыр кайда? Кеңешчисинин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июнда, "экс" макамынан ажыратылды.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев учурда Кой-Таштагы үйүндө. Бул тууралуу мурдагы президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары менен юристтер бүгүн, 27-июнда, кечки саат 18.00дө Кой-Таштагы үйүндө журналисттер үчүн маалымат жыйын курат.

"Бардык суроолоруңуздарга маалымат жыйын учурунда жооп аласыздар", — деди Жолдубаева.

Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Аны 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болгон.

Тарыхый ирмем! Атамбаевди макамынан ажыраткан депутаттардын добуш берүүсү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Тарыхый ирмем! Атамбаевди макамынан ажыраткан депутаттардын добуш берүүсү видеодо
Мыйзам боюнча мамлекет башчыларын "экс-президент" статусунан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү добуш берүү керек. "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына ылайык, экс-президент кылмыш жоопкерчилигине аталган макамынан ажыратылгандан кийин гана тартылат.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Өз кезегинде башкы көзөмөл орган Атамбаевдин беш кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн деген тыянак чыгарып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0