Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү

© Sputnik / Ратушенко / Медиабанкка өтүүТажикстандагы жарандык согуш. Архив
Тажикстандагы жарандык согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура 27 жыл мурда расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда тынчтык тууралуу келишимге кол коюлган. Ошондон тарта бул күн Тажикстанда Улуттук биримдик күнү катары майрамдалып келет.

Келишимдин аркасы менен 1997-жылдан тарта Тажикстанда беш жылдан бери уланган айыгышкан жарандык согуш токтоп, тынчтык орной баштаган. Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаевдин, кыргыз дипломаттары менен аскердик чалгындоо кызматынын офицерлеринин жарандык согушту токтотууга ат көтөргүс эмгек жасаганы — тарых.

Колумнист Алмаз Батилов Тажикстандагы атуулдук согуштун токтошуна өлкөбүз кандай салым кошкону жөнүндө Кыргызстандын Тажикстандагы ошол кездеги элчиси Эрик Асаналиев менен маектешкен.

© Фото / из личного архива Эрика Асаналиева1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп иштеген Эрик Асаналиев
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү - Sputnik Кыргызстан
1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп иштеген Эрик Асаналиев

— Жарандык согуш эмнеден улам чыкты эле?

— Тажикстандагы жарандык согушту бийлик үчүн саясий тирешүүнүн натыйжасы десек болот. 1985-жылы СССРде башталган саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдөн, кайра куруу саясатынан улам дүйнө жүзүндөгү зор державанын кулашы Тажикстандагы жарандык согуштун чыгышына таасирин тийгизди. Балтика боюндагы республикаларда Союздун курамынан чыгып кетүүгө умтулган улутчул кыймылдар — улуттук фронт түзүлдү. Ал Түштүк Кавказ менен Орто Азияга да таасирин тийгизди. Мисалы, өлкөбүздө "Кыргызстан демократиялык кыймылы" негизделди. Тажикстанда да Балтика республикаларындагыдай улутчул кыймыл түптөлүп, ага диний көз караштагы топтор кошулду.

Гуманитарная помощь афганским кыргызам в Малом Памире в конце 80-х - Sputnik Кыргызстан
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек
1988-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабах үчүн согуш башталды. Грузиянын ичинде жарандык кагылыштын оту тутанды. 1991-жылы декабрда СССР ыдырады. Тажикстанда буга чейин эле улутчулдар менен диний топтор бийликти алыш үчүн бириккен. Коомчулуктун арасында ислам дининин ролу абдан жогору эле. Мындан улам диний туунун алдында бириккен тажик оппозициясы жаралып, расмий бийликти колдогондор менен тиреше башташты. Натыйжада беш жылга созулган жарандык согуштун оту тутанды. Анын үстүнө Тажикстандагы кандуу кагылышууну социалдык-экономикалык абалдын начарлашы жана Афганистандагы согуш бир жагынан курчутуп жатты. Ошол эле маалда кылмыш дүйнөсү да Тажикстандагы жарандык согуштун созулушуна абдан кызыкдар эле. Согушту пайдаланып, Афганистандан Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Россия жана Европага баңгизат ташууга жол ачып, мыйзамсыз курал-жарак сатуунун жолун өздөштүрдү. Кошуна мамлекеттеги жарандык согуштун натыйжасында 100 миңден ашык адам каза болуп, миллиондон ашуун киши башка өлкөдөн баш паанек издеп, Ата Журтун таштап кетти.

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваТажикстандын Бириккен оппозициясынын лидери Абдулло Нури Россиянын элчиси Евгений Белов жана Кыргызстандын элчиси Эрик Асаналиев менен
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын Бириккен оппозициясынын лидери Абдулло Нури Россиянын элчиси Евгений Белов жана Кыргызстандын элчиси Эрик Асаналиев менен

— Мында Кыргызстандын кадамдары кандай болду?

— Ал учурда кандайдыр бир чара көрүүгө өлкөбүздүн жетекчилиги даяр эмес болчу. Анткени буга чейин СССРдин аймагында мындай согуш болгон эмес. Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдө мындай согушту жөнгө сала турган адистер да жок болчу.

Белгилей кетчү жагдай, ошол убактагы расмий Алматы "Тажикстандагы кырдаал Казакстанга залакасын тийгизбейт" деген пикирди карманды. Алар бул согушка Өзбекстан менен Кыргызстан бөгөт болот деп ойлошту. Ал эми расмий Ташкент Тажикстан менен чек арасын толук жаап койду.

Кандуу кагылыш башталганда эле Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин ошол кездеги төрагасы, генерал Жумабек Асанкулов көрөгөчтүк кылып тунгуч президент Аскар Акаев менен анын командасына "Тажикстандагы кырдаал Кыргызстанга сөзсүз залакасын тийгизет" деп бир нече ирет кайрылган. Ал шартта Кыргызстандын жетекчилиги кошуна мамлекеттеги жарандык согушту токтотууга көмөк көрсөтүү менен өлкөбүздүн чек арасын бекемдеп, качкындарды кабыл алганга даяр болуш керек эле. Асанкулов тажиктер ортосундагы куралдуу тирешүүдө атайын даярдыктан өткөн майда диверсиялык топтор үстөмдүк кылаарын, андыктан армиябыздын ичинде ар түрдүү шартта согуш жүргүзө ала турган атайын багыттагы ыкчам бөлүктөрдү түзүү жөнүндө сунушун киргизди. Акаев Асанкуловдун сунушун кабыл алып, жогоруда айтылган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жумабек Асанкулович үзөңгүлөштөрүнө таянып, Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга Россия жана башка коңшу өлкөлөр менен кызматташууга аракет кыла баштады. Анын болжогонундай эле кыргыз-тажик чек арасы аркылуу Тажикстандан он миңден ашык качкын баш паанек издеп келди. Алардын ичинде этникалык кыргыздар да бар эле. Бул көйгөйдү чечүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча башкармалыгы менен тыгыз кызматташа баштадык.

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваЭрик Асаналиев: Тажикстандагы жарандык согуш бийлик үчүн саясий тирешүүнүн натыйжасы
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү - Sputnik Кыргызстан
Эрик Асаналиев: Тажикстандагы жарандык согуш бийлик үчүн саясий тирешүүнүн натыйжасы

— Эмне үчүн Тажикстандагы жарандык согушка АКШ кийгилишкен эмес?

— Россиянын демилгеси менен КМШнын лидерлери БУУга Тажикстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүн жиберүү өтүнүчү менен кайрылды. Бирок БУУнун жетекчилиги бул аскерлерди каржылоого мүмкүнчүлүк жоктугун айтып, аскерлерин жиберүүдөн баш тартты. Алардын мындай позициясына АКШ таасирин тийгизди. Америка "Афганистандагы согуш талаасынан Россияны сүрүп чыктык, максатыбызга жеттик" деген стратегияда эле. Ошону менен бирге Тажикстан Кремль таасиринин алдында деген ой менен Москва жана анын өнөктөштөрүнүн алдан тайышын күттү.

Тажикстандагы жарандык согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна Кыргызстандын салымы. Эскерүү
Кремль Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен биргелешип тынчтык орнотуучу батальон түзүү өтүнүчү менен БУУга кайрылды. Уюм биринчи жолу конфликтиге чектеш өлкөлөрдөн аскердик күчтөрдү түзгөнгө уруксат берди. Жогоруда сөз болгон төрт мамлекеттин тынчтык орнотуучу батальондору Тажикстандагы согушту токтотконго чоң салым кошту. Эң кызыгы, Душанбеде биринчилерден болуп Россия, АКШ, Түркия жана Германия элчилигин ачкан. Андан кийин эле Кыргызстандыкы иштей баштады.

Биз расмий Душанбе жана Бириккен оппозициянын лидерлери менен жакындан таанышып, алардын мүдөөсүн жана иш-чараларын тыкыр иликтеп жаттык. Эки тарапты элдештирүү үчүн БУУ Москва, Ашхабад, Исламабад, Тегеран жана Алматыда жолугушууларды уюштурду. Жадагалса, бул максат үчүн согуш болуп жаткан Афганистандын Хост шаарында да кезигишүү болду. Тилекке каршы, мен Афганистандагы сүйлөшүүгө катыша алган жокмун. Бирок калган төрт жыл бою жүргөн тажик сүйлөшүүлөрүнө такай күбө болуп, өлкөбүздүн жетекчилигине Тажикстандын ички абалы жана сүйлөшүүлөр тууралуу тынбай маалымат берип турдум. Алар ушул маалыматтарды аябай талдап, жарандык согушту токтотуу боюнча мамлекеттик деңгээлде стратегия иштеп чыгышты. Бишкек Тоолуу Карабах кагылышуусун токтотуу боюнча тажрыйбаны колдонду, 1994-жылы Баку менен Еревандын ортосунда ортомчу болуп, атышууну токтотууга жетишкен.

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваЭрик Асаналиев: Кремль Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен биргелешип тынчтык орнотуучу батальон түзүү өтүнүчү менен БУУга кайрылды. Уюм биринчи жолу конфликтиге чектеш өлкөлөрдөн аскердик күчтөрдү түзгөнгө уруксат берген.
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү - Sputnik Кыргызстан
Эрик Асаналиев: Кремль Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен биргелешип тынчтык орнотуучу батальон түзүү өтүнүчү менен БУУга кайрылды. Уюм биринчи жолу конфликтиге чектеш өлкөлөрдөн аскердик күчтөрдү түзгөнгө уруксат берген.

— Башка өлкөнүн каршылашкан эки тобун элдештирүү кыйын эле болсо керек?

— Алгач бийлик менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда пикир келишпестик бар экенин байкадык. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө расмий Душанбе Кремлге таянып, экинчи тарапка үстөмдүк кылганга аракеттенди. Ал эми Тегеран, Исламабад жана Хостто өткөн сүйлөшүүлөрдө Бириккен тажик оппозиция ислам мамлекеттеринин жардамына таянып өз талаптарын коюп келди. Анын үстүнө Иран да эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизүүгө умтулду. Анткени Тажикстан менен Ирандын тили, маданияты, үрп-адаттары окшош жана илгертен бери карым-катнашы бар. 1994-жылы апрелде Москвадагы Тажикстандын бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы жолугушууда мага расмий Душанбе делегациясынын жетекчиси "биздин суранычыбыз, эки тараптын ортосунда Бишкек көпүрө болуп берсин деп Аскар Акаевичке айта барыңызчы" деген өтүнүч менен кайрылды. Кийинки сүйлөшүүлөрдө тажик оппозициясы да айтып, алар да Кыргызстандын ортомчу болуп берүүсүн суранды. Эки тарап өлкөбүз Тажикстандын ички ишине кийгилишпей турганын, бейтараптуу саясат жүргүзө турганына көзү жетип, ишенди. Ошон үчүн 1997-жылы 16-18-майда Бишкекте өткөн сүйлөшүүдө буга чейин бир пикирге келбеген расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" Протоколго кол койду.

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваЭрик Асаналиев: элдештирүү аракетинин учурунда Акаевдин энеси кайтыш болсо да сүйлөшүүлөргө баштан-аяк катышып, айыгышкан эки тарапты жогоруда айтылган келишимге кол коюуга көндүрдү. Бул протоколдун негизинде 27-июнда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси башталды.
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү - Sputnik Кыргызстан
Эрик Асаналиев: элдештирүү аракетинин учурунда Акаевдин энеси кайтыш болсо да сүйлөшүүлөргө баштан-аяк катышып, айыгышкан эки тарапты жогоруда айтылган келишимге кол коюуга көндүрдү. Бул протоколдун негизинде 27-июнда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси башталды.

Белгилей кетчү жагдай, элдештирүү аракетинин учурунда Акаевдин энеси кайтыш болсо да сүйлөшүүлөргө баштан-аяк катышып, айыгышкан эки тарапты жогоруда айтылган келишимге кол коюуга көндүрдү. Бул протоколдун негизинде 27-июнда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси башталды.

Акыркы 40-50 жылда дүйнө жүзүндө болуп жаткан ар түрдүү согуштар дагы эле басыла элек. Ал эми КМШ лидерлери саясий эркин көрсөтүп, колдон келген аракетин аябастан Тажикстандагы согушту токтотту.

Жаңылыктар түрмөгү
0