2 000 сомдук купюра. Архив

Жараксыз кыргыз сому интернетте 1000 долларга сатылууда

434
(жаңыланган 11:46 28.06.2019)
Банкнотада "үлгү" деген жазуу бар.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. eBay интернет-аукционунда 2 000 сомдук купюра сатыкка коюлду.

Баштапкы баасы — 999 доллар.

Ал банк кызматкерлерин, жарандарды жана ишканаларды жаңы банкнота менен тааныштыруу максатында жасалган копия. Муну андагы SPECIMEN (үлгү) сөзү жазылып турганы далилдейт. Номери — АА0000000.

Эске салсак, буга чейин россиялык интернет-аукциондо 1000 сом номиналындагы акча өз наркынан жети эсе кымбат сатыкка коюлган.

434
Белгилер:
баа, аукцион, сом
Тема боюнча
Саны ката басылган кыргыз сому өз наркынан 7 эсе кымбат сатылууда
Кыргыз сому өз наркынан 42 эсе кымбат сатылууда. Себеби таң калдырат