Байсалов Атамбаевдин күзөтү боюнча айткан сөзүнүн төркүнүн түшүндүрдү

Жазылуу
Эдил Байсалов Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт алынганын билдирген.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов социалдык тармактан бөлүшкөн маалыматы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин жазган кабарына өзүнүн пикирин билдирди.

28-июнда элчи Twitter баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт алынганы боюнча super.kg порталынын жазган маалыматын бөлүшкөн.

"Саат 4:30да Атамбаевден мамлекеттик күзөт алынды. Ал кечээ мындай аракеттер соттун чечиминен кийин ишке ашарын айткан. Бирок ал эми экс-президент эмес да, коргоого алынбайт", — деп жазган.

​Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Байсаловдун жазгандарын төгүнгө чыгарган.

Sputnik агенттигинин Twitter баракчасына жарыяланган маалыматка Байсалов төмөндөгүдөй билдирүү калтырган. "Силер эмне??? Маалыматты @superkg2006 Атамбаевдин штабынын активисти Алга Кылычевге таянып жазган".

​27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусунан ажыраткан болчу. Анын тарапташтары Кой-Таштагы үйүнүн жанына чогулушкан. Ал эми Атамбаев күч органдары аны кармоого даярданып жатканын билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0