Кыргызстандын жайлоосундагы бээлер. Архивдик сүрөт

Бейиштин төрүндөй! Кыргызстандын көз жоосун алган жерлери сүрөттө

476
(жаңыланган 17:30 28.06.2019)
Сүрөттө даана көрүнүп тургандай, Кыргызстандын керемет жерлери Швейцариянын, Исландиянын, Канаданын, Шотландиянын жана Израилдин кооздугунан кем калышпайт.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Pikabu порталынын Katarbuz аттуу колдонуучусу Кыргызстанда тартылган сүрөттөрдү башка мамлекеттердин пейзаждары менен салыштырган.

Сүрөттө даана көрүнүп тургандай, Кыргызстандын керемет жерлери Швейцариянын, Исландиянын, Канаданын, Шотландиянын жана Израилдин кооздугунан кем калышпайт.

Katarbuz аттуу колдонуучу Кыргызстандын жаратылышы ар бир жарандын көз жоосун ала турганына ишенерин билдирген. Ал бул жерлерде бир жыл мурда болгонун жана көл, тоо, каньондорго суктанып бүтпөй койгонун жазган.

"Кутман таң саякатчылар! Кыргызстан канчалык ар түрдүү экенин көрсөткүм келди. Сүрөттөрдү жакшылап салыштыруу үчүн койдум. Мамлекет бул бир гана кишилер, тарых, согуш эмес. Биз үчүн мамлекет көз жоосун алган кооздуктар, аны карап шыктануу. Өзүңөр ойлоп тапкан чектөөлөрдөн арылып, мамлекеттерди кыдырып, жашооңордун автору болгула", — деп жазган ал.

Автордун жайгаштырган сүрөттөрү көпчүлүккө жагып, алкоого арзыган. Россиянын бир катар басылмалары аны маалымат кылып да жазышты.

Сүрөттүн алдына пикир жазган колдонуучулар алыска барам деп баш оорутуп, көп акча короткондун ордуна Орто Азияны кыдырып чыгуу пайдалуу экенин белгилешкен.

"Кыргызстан турганда алыска баруунун канчалык кажети бар", — деп бир окурман жазды.

"Кыргызстан башка өлкөлөрдүн да кооздуктарын камтыган мамлекет", — деп E-squıre баракчасынын администраторлору жазышты.

476
Белгилер:
жаратылыш, туризм, Кыргызстан
Тема боюнча
Адис: Сары-Челек коругуна элди киргизбеш керек
Алыскы Баткен экенине ишенбейсиң! Көз күйдүргөн 16 кадр