Сегизбаев Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмнеге барганы айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусунан ажыраткан болчу.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн, 29-июнда, мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Абдил Сегизбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштагы үйүнө барып жолугушту. Бул тууралуу мурдагы президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Абдил Сегизбаев менен Улан Исраилов келип, Алмазбек Шаршенович менен жолугушуп, мындагы эл менен баарлашып кетишти. УКМКнын мурдагы төрагасы Жогорку Кеңеш мындай чечимди кабыл алгандан кийин жөн карап тура албай, тынчсызданып келгенин айтты. Парламент өзүнүн чечими менен Кыргызстандагы туруксуздукту жаратып жатат деген ойдо экен", — деди Жолдубаева.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусунан ажыраткан болчу. Анын тарапташтары Кой-Таштагы үйүнүн жанына чогулушкан. Ал эми Атамбаев күч органдары аны кармоого даярданып жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0