Атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок эр Сыргак тууралуу 9 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Архив
Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыргак — "Манас" эпосундагы Манас, Алмамбет, Чубак менен катарлаш айтылган баатырлардын бири. Эпостун дээрлик бардык варианттарында аны Манастын жанында жүргөн баатыр жигит катары көрөбүз жана ага "эр", "сырттан" деген эпитеттер кошо айтылат.

Бүгүн ошол каарман тууралуу 9 факт сунуш кылабыз.

Сыргактын тек жайы. Анын өзүнүн аты Бердибек (айрым варианттарда Теке) болсо да, элдик дастанда Сыргак деп айтылып, кылымдарга ушул ат менен сиңип келе жатат. Көпчүлүк варианттарда ал Манастын жакын тууганы. Жусуп Мамайдын варианты боюнча Сыргак Манас менен аталаш бир тууган, башкача айтканда, Жакыптын Магдым деген аялынан төрөлөт, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Жакып менен бир тууган Улаккан дегендин уулу.

Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан
Алабарман, ачуулуу, жамандыгы жок. Акбалтанын Чубагы жөнүндө 11 факты
"Сыргак" деген сөздүн мааниси. Адабияттарда "сыргак" деген сөздүн негизги эки лексикалык мааниси көрсөтүлөт: биринчиси — алгыр куштардын кырааны болгон шумкардын бир түрү, анын ичинен сөөк сыргак жана аяк сыргак дегендери болот, экинчиси — кечкисин тоо жактан соккон салкын желдин аты. Эки мааниси тең "Манас" эпосундагы каарманга ылайык келип турат.

Сыргак — Манастын ишенген жигити. Анткени ал ар кандай ишке барууга дайыма даяр турган элпек жигит, кандай гана оор тапшырмалардан жаңы эле келсе да кайра бара берет. Ал жоодон жалтанбас, өлүмдөн да кайра тартпас. Сыргак согушка кирсе да, чалгынга барса да Манас ага тууганы катары да, жан жигити катары да ишенет. Сыргак бир нече жолу Алмамбетти да, Манасты да ажалдан арачалап калат. "Кара болот кыргагы, кан Манастын Сыргагы" деп аны Манаска башкалардан жакын коюп айтышат.

Манасчылар Сыргакты өзгөчө баатыр катары сүрөттөйт. Бир сүрөттөөдө: "Капилеттен сөз тапкан, кысталыштан жол тапкан" делет. Дагы башка сүрөттөөдө Сагымбай Орозбаков: "Акыр заман журтуна аты калган Сыргак деп, сыны сыргак, өзү эр, сынын билген айткан эл сырттандардын өзү дээр" десе, Саякбай Каралаев: "Атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак, чыканактап калбаган, чырм этип уйку албаган", "Туурасы жоон, бою пас, тулку бою кара таш, билеги жоон, таш жүрөк, пил мүчөлүү бадырек" деген саптарда анын портреттик облигин түзүшөт.

Утренний морозный Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Сагынбайдын Манасы жазылбай калмак. Фольклорчу Каюм Мифтаков тууралуу 6 факты
Душмандардын бири - Карагулдун берген сыны. Сыргакка өзү жак гана эмес, душман тарап да баасын берген учурларды көрөбүз. Мисалы, урушка кирген кезде анын эрдиктерине баа берген кытай баатыры Карагул  мындай мүнөздөйт: "Качыргандан токтолбос, каман сыны бар экен, касташканын бас кылып, алган сыны бар экен, кармаганын катырган балбан сыны бар экен, калк бийлеген журт кармап, зардал сыны бар экен, ташты чапса кескидей, албарс сыны бар экен, качырганын соо койбос, жолборс сыны бар экен".

Алмамбет Сыргакка абдан ишенген. Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы эпостун вариантында "Чоң казатта" Кытайдын чегине жеткенде андан ары Алмамбет чалгынга барышы керек эле, чалгынга кимди алуу керек дегенде анын көңүлү ушул Сыргакка түшөт: "Сыны Сыргак, ашык эр, атышкан жоону көргөндө ажал-өлүм кайда дээр, өлүмдү билбес өзү бар, өрт жалындан көзү бар" деп, анын талапкерлигин жогору баалап, өзүнө жаншерик кылып тандап алат. "Иришип душман көптөсө, ишенээрим — кудайым, иштетээрим — бир Сыргак" деп өзүнөн да ушул Сыргакка ишенет.

Коңурбайдын айласын кетирет. Душмандардын башкы баатыры Коңурбайдын айласын алты кылат, артынан кууп барып сайганда: "Чыканактын баягы, өпкөсүнүн тушу деп, берен Сыргак кабылган, белгилүү жерди муштады, күп дегизе Калчаны, капталдан нары муштады, жер айрылып дүркүрөп, ала салым Эр Калча, Алкаранын үстүнөн, кулап кетти күркүрөп". Анын баатырдыгынан корккон жана бир ажалдан калган Коңурбай өзүнүн көзгө атар мергени Кожожашка: "Ушул Сыргак баладан, ээримен арт кетти, жүрөгүмө дарт кетти, боконо сөөгүм болк этти, таш сайынган кытайдын, тазасы ыйлап солк этти" деп айтат.

Конноспортивные игры в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Манаска "доолуу күндө көмөк, жоолуу күндө жөлөк" болгон Алмамбет тууралуу 14 факты
Сыргактын эрдиктери. Бээжинге Алмамбет менен бирге чалгынга барганда кытай чек арасын кайтарып турган куу кулжаны, куу түлкүнү, Малгунду, Канышайды жок кылып, кыргыз колуна жол ачат, "Чоң казатта" биздин аскерлердин далайын жок кылган Айжаң-жуңду эч ким жок кыла албай турганда аны дал ушул Сыргак көзүн тазалайт.

Сыргактын атын көптөгөн адамдар алып жүрөт. Кийинки муундун көптөгөн өкүлдөрү баласына ат койгондо ушул Сыргактай баатыр болсун, эл уулу болсун деген ниетте болгон. Атүгүл улуу манасчы Саякбай Каралаев да бир баласына Сыргак деп ат койгон, бул анын аталган каарманды өзгөчө сыйлагандыгы.

Жаңылыктар түрмөгү
0