Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 63-чакырымында (Токмок шаары) жөө адамдар үчүн жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулууда

Токмоктогу негизги жолго жер үстүнөн өтчү өтмөк курулууда

85
(жаңыланган 11:46 01.07.2019)
Көпүрөнү ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 63-чакырымында (Токмок шаары) жөө адамдар үчүн жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулууда. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жер казуу жана бетон коюу иштери соңуна чыгып, өтмөк тургузула баштады. Анын узундугу 30 метр, туурасы 3 метрди түзөт. Ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан сырткары, Орловка — Шамшы жана Кең-Булуң — Винсовхоз жолдоруна бир чакырым аралыкка асфальт төшөлө турганы айтылат. Ал эми Орловка — Маданият — Шамшы, Токмок — Кошой, Токмок — Шамшы — Туюк унаа жолдору жана Кант — Чүй көпүрөсүнүн аң-чөнөктөрү оңдоодон өткөн.

85
Белгилер:
Токмок, асфальт, көпүрө, өтмөк, жол, унаа
Тема боюнча
Финансы министрлиги: Балыкчы — Корумду жолу быйыл бүтпөйт, акча жок