Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКой сойгону даярданып жаткан адам. Архив
Кой сойгону даярданып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман айт орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Быйыл Курман айт 10чу же 11-августка туура келет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, whatsApp тайпаларында быйыл Курман айт 21-августта болору айтылган билдирүүлөр тарап жатат.

"6-7-августта Курман айттын так датасы айтылат", — деп муфтияттан маалымдашты.

Эске салсак, былтыр Курман айт 21-августта белгиленген болчу.

Адатта Курман айт орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет. Орозо быйыл 5-июнда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0