Пара алды деген милиционерлерди "басып" калганда. Баткендеги операциянын видеосу

Жазылуу
Өзбекстандын жарандары Кадамжай райондук ЖКККБнын кызматкерлери чек арадан Кыргызстанга товар алып өткөндөрдөн пара талап кылып жатканын айтып арыз жазышкан.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Баткенде атайын уюштурулган операцияда пара талап кылды деп шектелген автоинспекторлор кармалды. Шектүүлөрдү кармаган учурдун видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына атайын операция Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү жана ИИМдин ички иликтөө кызматы менен 27-июнда өткөнүн билдирди.

В Казахстане чиновника задержали в ресторане. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казак аткаминерин ресторандан пара менен кармаган видео
Өзбекстандын жарандары Кадамжай районунун ЖКККБнын кызматкерлери чек арадан Кыргызстанга товар алып өткөн кишилерден акча талап кылып жатканын айтып арыз жазышкан. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен каттоого алынган.

Атайын операция учурунда Кадамжай райондук ЖКККБнын эки кызматкери кармалып, аларга таандык машиналарды тинтүү учурунда акча каражаты алынган. Ал эми райондук ЖКККБдагы булак тинтүү учурунда автоунаадан 240 сом табылганын маалымдады.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0