Чоң курсактуу аялдар кайсы ооруларга көп кабылары айтылды

© AFP / FRANCOIS GUILLOTТолук аял. Архив
Толук аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө 2683 кыз-келин катышкан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Толгон кезде майы курсагына жана анын тегерегине топтолгон аялдар жүрөк кан-тамыр жана инсульт ооруларына көбүрөөк кабылат. Бул тууралуу окумуштуулардын European Heart Journal илимий журналына жарыяланган иликтөөсүнө шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды.

Мындай чечимге келүү үчүн адистер 2683 аялды иликтеген. Алардын тең жарымы курсактуу, экинчи жарымы майынын көбү белден ылдый жайгашкан аялдар эле.

"Жыйынтыгында биринчи топтогу аялдар экинчи топтогуларга караганда жүрөк оорусу менен 25 пайызга көбүрөөк жабыркаары белгилүү болду. Курсакта чогулган май ашказан, боор, көк боор сыяктуу органдарды каптап калып, мунун айынан жүрөктүн иштешине тоскоолдук жаратат", — деп айтылат макалада.

Мындан улам окумуштуулар толгондо майы курсакка кеткен аялдарды ашыкча салмактан оолак болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0