"Коопсуз шаар" камералары эми өлкөнүн бардык аймагына орнотулат. Убактысы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолго орнотулган камера. Архив
Жолго орнотулган камера. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр тез арада туура эмес коюлган жол белгилерин оңдоп, жол кыймылын жакшыртуу боюнча чара көрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы Кыргызстандын бардык аймагын камтып, эмдиги жылы ишке кирет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев жыйында билдирди.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев провел совещание по реализации второй фазы проекта "Безопасный город"
Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабы Кыргызстандын бардык аймагын камтып, эмдиги жылы ишке кирет - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы Кыргызстандын бардык аймагын камтып, эмдиги жылы ишке кирет
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев провел совещание по реализации второй фазы проекта "Безопасный город"
Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догорев жыйында билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догорев жыйында билдирди
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев провел совещание по реализации второй фазы проекта "Безопасный город"
Өкмөттүн басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, жыйын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги менен өткөн. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өкмөттүн басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, жыйын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги менен өткөн.
1/3
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы Кыргызстандын бардык аймагын камтып, эмдиги жылы ишке кирет
2/3
Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догорев жыйында билдирди
3/3
Өкмөттүн басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, жыйын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги менен өткөн.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, жыйын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги менен өткөн.

Жыйындын жүрүшүндө айдоочулардын көтөргөн маселелери, техникалык кемчиликтер дагы талкууланды.

Өкмөт башчы жарандардын жигердүү позициясына ыраазычылык билдирип, бул өз кезегинде мамлекеттик бийлик тарабынан иштин жетишсиздигин, кайдыгерлигин аныктоого жардам берерин белгиледи.

Премьер-министр тез арада туура эмес коюлган жол белгилерин оңдоп, жол кыймылын жакшыртуу боюнча чара көрүүнү тапшырды.

"Айдоочулар жолдун кээ бир бөлүктөрүндөгү жол белгилерин алмаштырууга, жол иштерин жоопкерчилик менен уюштурууга чакырышкан. Абдан чоң жумуш аткарылгандыгын белгилөөгө болот", — деди премьер.

Абылгазиев ошондой эле кырдаалдын оорлошуусуна күнөөлүү кызматкерлерди дисциплинардык жоопко тартып, кызматынан бошотуу чаралары көрүлүшү керектигин белгиледи.

Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" айыптарынан канча сом чогулду. Расмий жооп
Өкмөт башчы жол кырсыктардын алдын алууда, адам өлүмүнүн санын кыскартууда "Коопсуз шаар" долбоору абдан керек экендигин эске салды. Статистика көрсөткөндөй, долбоор өз максатына жетүүдө.

Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу иштери талкууланды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев 27-июнда конкурстук арыздар ачылганын айтты. Квалификациялык талаптарга жана техникалык чечимдерге көрсөтүлүп, алардын сунуштамасы боюнча сынактын кийинки туруна киргизилип, 21 күнгө созулат. Баалоонун жыйынтыгы менен ачылган сунуштамага төмөнкү баа сунушталган тендердик өтүнмө гана жеңишке жетет. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт.

"Подрядчы келишим түзүү үчүн бир жыл ичинде бардык уруксатты алууга жана өлкөнү техникалык жабдуу, программалык комплекс менен камсыздоо системасын республиканын бардык аймактарына орнотууну камсыз кылууга тийиш. Долбоорду толук ишке киргизүү кийинки жылга пландаштырылып жатат", — деди Догоев.

Долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн, атап айтканда, 266 стационардык жана 40 көчүп жүрүүчү комплекс ишке кирет.

Эске салсак, буга чейин февраль айынан тарта "Коопсуз шаардын" биринчи этабы ишке кирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0