Сууга түшүп кеткен аткаминердин кызы элден жардам сурады. Кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминер менен анын үй-бүлөсүн 98 куткаруучу жана туугандары издеп жатат. Кызы Индира элден дагы жардам сурап кайрылды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку ирет берген маалыматы боюнча, Көкөмерен суусуна түшүп кетти делген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн 98 куткаруучу издеп жатат.

Мындан сырткары, туугандары жана жергиликтүү тургундар издөө иштерине жардам берүүдө. Ал эми милиция кызматкерлери тергөө иштери менен алек.

Учурда аткаминердин кызы Индира Абдылдаева жакындары менен биргеликте кырсык болгон жайда жүрөт. Ал суучулдардан жана мекендештеринен издөөгө жардам берүүнү суранууда.

"Бул жакта бүт туугандарым, кесиптештерим жана досторум болуп жүрөбүз. Куткаруучулар издешүүдө, бирок суу чоң экен, алар жетишпей жатат. Сууга түшкөнгө дагы суучулдар керек. Бизди түшүрбөйт экен. Бүгүн үчүнчү күн, жок болууда. Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби?.. Менин кызымды да таппай жатабыз. Суунун агымы аябай күчтүү экен" — деп кайрылды аткаминердин кызы.

Ал кырсыктаган унаанын ичинде айдоочудан сырткары атасы, апасы, бир тууган иниси жана 8 жаштагы кызы болгонун билдирди.

Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көкөмеренге түшүп кеткен үй-бүлө. Кырсык болгон жердин картасы
"Мен кечинде сүйлөштүм эле. Алар таңга маал саат 4тө жолго чыгышкан экен. Келе жатып унаасы менен сууга түшүп кетишиптир. Дагы бир сааттай жүргөндө Суусамырга жетмек экен. Азыр автоунаасын да таппай жатабыз. Анча-мынча сыныктары чыгууда. Атамдын айдоочусунун туугандарынын телефон номери менде жок экен. Байланыша албай жатам, алар да укса келип издөөгө жардам бермек", — деди Абдылдаева.

Ал эми кырсыктын күбөсү, Кызыл-Ой айылыны тургуну Кубатбек Эмилбеков унаа сууга түшкөндөн кийин бир адам сыртка чыгып бир топко чейин барганын билдирди.

"Нива" унаасында беш киши Кожомкулдун мааракесине баратканбыз. Бир жолтандабас бизден ашып өткөн. Айдоочусу уктап кеттиби, эмне болду билбейм, 60 метрдей барып тоо жакты сүздү да, кайра артка бурулуп тумшугу менен сууга түшүп кетти. Унаасы суу үстүнө калкып, ичинен кызыл футболкачан бала чыгып асылып бир топко чейин барды. Дагы эки кишинин башы көрүнгөн. Анан эле суу тартып кетип унаа да, адамдар да көрүнбөй калды. Аларды дароо тартып чыгып, куткарып калууга чамабыз жеткен жок. Азыр суу аябай улуу келип жаткан маал", — деди күбө.

Андан соң кырсыктын күбөлөрү милиция кызматкерлерине кабарлап, ошол жол менен мааракеге келген жумгалдыктарга да айтышкан. Бирок ал күнү издөөгө адам келбегенин белгилейт.

"Тойдон кайтып келе жатып унаасы чыгып калдыбы деп карасак көрүнгөн жок. Аларды издеген адамдар да байкалбады. Анан эртеси ӨКМден келип, кырсык кайсы жерде болгонун сурашты. Эки күндөн бери ошол жакка барып көрсөтүп жатам. Унаанын дөңгөлөктөрү, айрым тетиктери гана чыгып жатат", — деди Эмилбеков.

Сууга түшүп кеткен жолтандабаста бара жаткан адамдардын тизмеси:

  • Молдакун Абдылдаев — өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы;
  • Тинатин Шадыканова — 57 жашта, жубайы;
  • Илимбек Абдылдаев — 26 жашта, баласы;
  • Бакыт Абдылдаев (баласы эмес, фамилиясы окшош) — 23 жашта, айдоочусу;
  • София Борукеева — 8 жашта, небереси;

Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн издөө боюнча түзүлгөн штаб ал 28-июнь күнү кечинде апасына эстелик тургузуу үчүн Ат-Башыга барганын, ал эми 30-июнда эртең менен Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жатып кырсыктаганын айтууда. Аткаминер өзүнүн жеке унаасы менен жолго чыккан.

Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев окуя Кожомкул менен Кызыл-Ой айылдарынын ортосунда болгонун билдирди.

Летний сезон в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жээкте туруп эле чөгүп кеткен. Ысык-Көлдө Ташкенттен келген турист каза тапты
"Ошол жер негизи кууш болчу. Жол шагыл болгондуктан, тартып кетти окшойт. Катуу ылдамдык менен келип алган сыяктуу. Көкөмерен суусун бойлой жүрчү жолдун узундугу 45 чакырым. Кызыл-Ой айлынын жашоочусу көргөн экен, ошол милицияга кабар бериптир. Ал кармаганга жетишпей калганын, унаа сууга түшкөндөн кийин ичинен бирөө чыкканын көргөнүн айтууда. Бирок агызып кетиптир", — деди Отунчиев.

Молдакун Абдылдаев 2008-2010-жылдары Акыйкатчы аппаратын жетектеген, ал эми 2014-2018-жылдары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Андан кийин Чүй облустук администрациясынын аппарат башчылыгына келген.

Жубайы Тинатин Шадыканова эки жогорку билимдин ээси: биринчиси — кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим, экинчиси — юрист. Эмгек жолун бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенген. 2003-жылы жаңы ачылган Заманбап маалыматтык технологиялар жана билим берүү институтуна (ИСИТО) жумушка орношуп, жетектөөчү адис, бөлүм башчы, декан кызматтарын аркалаган. Азыркы тапта окуу иштери боюнча проректор болуп иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0