Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө

Кыргызстандын аймактары климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүүдө

148
БУУ өлкөнүн аймактарын климаттын өзгөрүшүнө даядоо үчүн каражат бөлгөн.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

  • В Джалал-Абадской, Иссык-Кульской и Ошской областях с госорганами и частным сектором проводят консультации по подготовке к изменению климата
    Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө
    © Фото / Представительство продовольственной и сельскохозяйственной организации ООН в Кыргызстане
  • В Джалал-Абадской, Иссык-Кульской и Ошской областях с госорганами и частным сектором проводят консультации по подготовке к изменению климата
    Иш-чараны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен ФАО биргеликте уюштурган
    © Фото / Представительство продовольственной и сельскохозяйственной организации ООН в Кыргызстане
  • В Джалал-Абадской, Иссык-Кульской и Ошской областях с госорганами и частным сектором проводят консультации по подготовке к изменению климата
    Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери жогоруда аталган мамагенттиктин мойнунда БУУнун Жашыл климат фонду менен иш алып баруу милдети турат.
    © Фото / Представительство продовольственной и сельскохозяйственной организации ООН в Кыргызстане
1 / 3
© Фото / Представительство продовольственной и сельскохозяйственной организации ООН в Кыргызстане
Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө

Иш-чараны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен ФАО биргеликте уюштурган.

Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери жогоруда аталган мамагенттиктин мойнунда БУУнун Жашыл климат фонду менен иш алып баруу милдети турат. 2017-жылы агенттик фонд менен иштешүү үчүн грант сураган.

"Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги программаны ишке ашырууга тийиштүү органдарды тартууга бардык аракетин жумшап жатат. Климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн ички жана тышкы ресурстарды колдонуу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мындай консультациялардын арты менен тараптардын климаттын өзгөрүшү боюнча билими жогорулай турганы белгиленди.

БУУ климаттын өзгөрүшү азык-түлүктү өндүрүүдө көйгөй жаратып, суунун деңгээлин көтөрүп, жаратылыш кырсыктарына алып келиши мүмкүн деген пикирде. Ошондой эле аталган уюм климаттын өзгөрүшүнө азыртадан даярдык көрүлбөсө кийин чыгымдар көбөйүп кетерин белгилейт.

148
Белгилер:
консультация, климат, БУУ
Тема боюнча
Адам баласы жерди кантип кордоп жатат? Ойлонто турчу он сүрөт
Булганган аба аялдарды эмчек рагына кептейт. Иликтөө
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

27
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

27
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Бишкектеги Кыргызфильм киностудиясын имараты. Архив

"Кыргызфильм" киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды

71
(жаңыланган 15:24 22.10.2020)
Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Новый директор национальной киностудии Кыргызфильм имени Т. Океева Акжолтой Бекболотов
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

"Эмгек кодексинин 55-58-беренелерине жана өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген "КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" жобонун 13-пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды",— деп жазылат маалыматта.

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

71
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, кызмат, Кыргызфильм
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
Киши шайлоо участогында. Архив

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды

0
(жаңыланган 18:51 22.10.2020)
Жыйында баяндама жасаган Сулайманов депутаттардын бардык сунушу четке кагылып, түп нускасы гана калтырылганын билдирди. Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Жыйында баяндама жасаган Алтынбек Сулайманов депутаттардын бардык сунушу четке кагылып, түп нускасы гана калтырылганын билдирди. Анын арасында "шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотуу" демилгеси да кирбей калды.

Сулайманов кийинчерээк аны өзүнчө мыйзам долбоору менен алып келине турганын белгиледи.

Мындан улам үч сунуш калтырылды. Алар төмөнкүлөр:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат.

Эми бул мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

0
Белгилер:
колдоо, өзгөртүүлөр, мыйзам, шайлоо, Алтынбек Сулайманов
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме