Аттестат о среднем общем образовании выпускника школы Кыргызстана

Абийири кеткен аттестат. Эми Кочкордо берилген документтен ката табылды

2463
(жаңыланган 11:16 03.07.2019)
Ката менен басылган аттестаттар бүгүн алмаштырылат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарда Кочкор районунун орто мектебин аяктаган окуучу кыздын ката менен басылган аттестатынын сүрөтү жарыяланды.

Анда орус тилинде жазылган бетинде "окончила среднюю реднюю школу" деп турат.

Билдирүү менен ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева да Twitter баракчасынан бөлүшүп, "Кудайбердиева күздө кызматынан кетет окшойт" деп жазган.

​Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы Кочкор районунда берилген аттестаттардан ката кеткенин тастыктады.

"Басмаканага жөнөтүлгөн акыркы вариантта мындай ката жок болчу. Негизи жыл сайын эле басмакананын катасы менен чыккан документтер болот. Муну мектептин директорлору дыкат текшериши керек эле. Аттестаттарды толтуруп жаткандар да карашы керек болчу", — дешти министрликтен.

Алардын айтымында, "среднюю реднюю" деген ката 10 аттестаттан табылган. Бешөө алмаштырылды, калганын бүгүн алмаштырып берүүнү убадалашты.

Маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аттестаттар дайыма тийиштүү көлөмдөн көбүрөөк басылат.

"Адатта аттестатты толтургуча бала аты-жөнүн алмаштырып алат. Же кызыл менен бүтө турган окуучу билим деңгээлин жакшы көрсөтө албай калат. Ошондой учурда аттестатты алмаштырууга туура келет. Кээде катасы менен же начар басылып калган аттестаттар да жалпы документтердин партиясына кошулуп калышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул аттестатта кеткен ката биринчи учур эмес. Буга чейин "жөнүндө" деген сөздөгү "н" тамгасы "ң" болуп өзгөрүп калган. "Он окончил школу" деп жазылып, кыз бала эркекке айланып кеткен учур да болгон.

2463
Белгилер:
басмакана, ката, окуучу, Билим берүү жана илим министрлиги, Кочкор, аттестат
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр аттестат албай калабы? Министрликтин жообу
Суу каптаган жол. Архив

Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

12
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылган. Андыктан бул учурда адамдардын өзгөчө этият болушу керектиги эскертилди.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн жана эртең тоолуу, ошондой эле тоо этектериндеги райондордо күндүн ысышынан улам сел жүрүшү мүмкүн. Бул маалыматты Кыргызгидромет таратты.

"2020-жылдын 3-4-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күндүн ысышына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт" , — деп айтылган маалыматта.

Мындан улам тиешелүү тараптар жарандарды этият болууга чакырды.

12
Белгилер:
суу ташкыны, дарыя, сел, аба ырайы, шашылыш билдирүү, ӨКМ
Тема боюнча
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Ош-Тазалык муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты

"Ош-Тазалык" ишканасы таштанды чыгарган жаңы техникалуу болду. Сүрөт

47
(жаңыланган 14:35 03.06.2020)
Ош калаасындагы таштандыларды чыгаруу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыккан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты.

  • Муниципальное предприятие Ош — Тазалык получило 12 мусоровозов на центральной площади.
    "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Муниципальное предприятие Ош — Тазалык получило 12 мусоровозов на центральной площади.
    Жаңы техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен алынган
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов во время церемонии вручения ключей от мусоровозов на центральной площади
    Алардын ачкычын тапшырып жатып Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов проехал по площади за рулем одного из мусоровозов во время церемонии вручения ключей от мусоровозов на центральной площади
    Ал Ош шаарында таштандыларды тазалоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыкканын кошумчалады.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты

Жаңы техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен алынган. Алардын ачкычын тапшырып жатып Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан.

"Тазалык" ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Ошондуктан өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнүп, жалпы 14 атайын техника сатып алынган. Жаз-жайда жолго суу сээп тазалаган, кышкысын карды тазалаган төрт даана техника июль айында алып келинет", — деди Сарыбашев.

Ал Ош шаарында таштандыларды тазалоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыкканын кошумчалады.

"Бул акчанын 50 пайызы насыя катары берилет. Долбоордун алкагында 41,2 миң еврого 32 таштанды салган контейнер алып келинип, учурда пайдаланып жатабыз. Июнда дагы бир топ партиясы келет. Мындан сырткары, таштанды жүктөгөн дагы 12 даана автоунаа алынышы күтүлүүдө", — деди Ош шаарынын мэри.

Ушул эле долбоордун алкагында шаарга жаңы санитардык полигон куруу пландалганы да маалым болду.

47
Белгилер:
долбоорлор, таштанды, техника, Таалайбек Сарыбашев, Ош
Тема боюнча
Ош мэриясы: вирус жайылып кетсе, чектөөлөрдү кайрадан күчөтөбүз
Ош шаарында аялдамалар оңдолуп, жаңыланып жатат. Сүрөт