ЖМК: Кытай Кыргызстан аркылуу кирген туристтердин телефондорун текшерип жатат

© REUTERS / Shamil ZhumatovЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телефонду текшерүү үчүн ага ээсине билдирбей тиркеме орнотулаары айтылат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. The New York Times, Süddeutsche Zeitung жана The Guardian сыяктуу дүйнөлүк басылмалар Кытайдын аймагына Кыргызстандын чек арасы аркылуу кирген туристтердин смартфондоруна тыңчылык үчүн программалар орнотулуп жатканы тууралуу иликтөө кылышкан.

Журналисттердин айтымында, мындай тиркемелерди Кытай чек арачылары туристтин смартфонун текшерүү үчүн колдонушат. BXAQ же Fēng cǎi (Фенг кай) деп аталган программалардагы вирустар телефондордогу байланыштарды, билдирүүлөрдү, чалуулар тизмесин, тиркемелер тизмесин жана аппараттын ээсинин соцтармактардагы аттарын көчүрүп алат. Алардан экстремисттик маанидеги материалдарды текшерип туруп, атайын серверге жөнөтүп, маалымат андан ары Кытай бийлигинин колуна тиет.

​Иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, тиркемелер азырынча Кытайга Кыргызстандын чек арасы аркылуу киргендердин гана телефонуна орнотулуп жатат. Маалымдалгандай өлкөгө "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекети менен киргендер телефонду тыкыр текшерип жатышканына нааразы болушкан.

Центральное разведывательное управление США - Sputnik Кыргызстан
ЦРУнун мурдагы тыңчысы Кытайга маалымат берип, көп киши өлүм жазасына тартылды
Чек арачылар туристтердин телефонун текшерүүгө алат. Эгер телефон Android платформасында иштесе аталган тиркемелер орнотулат. Ал эми iPhone болсо, дароо компьютерге туташтырылып текшерилет. Иликтөө маалында мындай программаларды өз телефонунан эки турист жана Süddeutsche Zeitung гезитинин репортеру тапкан.

Туристтердин биринин айтымында, чек арачылар телефонду алып жатканда, смартфондон терроризм, исламизм жана порнографиялык маанидеги материалдарды издешээрин айтышкан. Бирок кандайдыр бир программа коюлары тууралуу эч ким үн каткан эмес.

Эске салсак, кыргыз-кытай чек арасында эки өткөрүү бекети бар, алар — "Эркечтам" жана "Торугарт".

Жаңылыктар түрмөгү
0