Эстеликтеги гүлдөр. Архив

Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу үчүн уюштуруу комитети түзүлдү

697
Кырсык 30-июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Суусамырдагы Көкөмерен суусуна үй-бүлө мүчөлөрү менен түшүп кетип каза болгон Молдакун Абдылдаевдин зыйнатын уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Молдакун Абдылдаев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси болуп иштеп келген. Ага чейин президенттин жана өкмөттүн аппаратында эмгектенген.

Маалыматка ылайык, уюштуруу комитетин Чүй облусунун жетекчиси Алтынбек Намазалиев жетектеди.

Маркумдун зыйнаты кайда өтөөрү боюнча кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн. Маалыматта унаа ичинде беш киши (үй ээси, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочу) болгону айтылган.

Издөө иштеринин жыйынтыгында 2-июлда Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылган.

697
Белгилер:
зыйнат, Молдакун Абдылдаев
Тема:
Көкөмеренге унаасы түшүп кеткен үй-бүлө (13)
Тема боюнча
Көкөмеренге түшүп кеткен Абдылдаевдин үй-бүлөсүн 110 куткаруучу издеп жатат
Көкөмеренге түшүп кеткен бүлө. Молдакун Абдылдаев менен айдоочунун сөөгү табылды
Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов. Архивдик сүрөт

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнөдөн өттү

202
(жаңыланган 07:41 11.07.2020)
Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов дүйнө салды. Кабарды Кыргызстандын ислам университети тастыктады.

Маалыматта аалымдын түндө оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ошол жактан үзүлгөнү айтылат.

Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

202
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Чубак ажы Жалилов
Тема боюнча
Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн
Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнөдөн өттү
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив

Курсан Асанов пневмония болуп ооруканага түшүп, соту жылдырылды

121
(жаңыланган 00:52 11.07.2020)
Эске салсак, шаардын Биринчи май райондук сотунда Асановго козголгон кылмыш иши боюнча жараян болмок. Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өпкөнүн эки тараптуу пневмониясына чалдыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Ал шаардагы ооруканалардын биринде дарылана баштаганын айтып, буга байланыштуу сот жараяны жылдырылганын кошумчалады.

Эске салсак, шаардагы Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановго карата козголгон кылмыш иши боюнча жыйын болмок.

Суракка чакырылган экс-министр Космосбек Чолпонбаев оор абалда ооруканага түштү

Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Анын артынан жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековду ушул жылдын 20-январында Аскер прокуратурасы сурактан кийин кармаган. Бирок баш коргоо чарасын тандаган сот аны үй камагына чыгарган. Мындан сырткары, Асановдун жубайы жана туугандары да суракка чакырылганы айтылган.

Ал эми уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган.

121
Белгилер:
кылмыш иши, сот, оору, оорукана, пневмония, Курсан Асанов
Тема:
Курсан Асановдун министрдин орун басарлыгынан алынышы
Тема боюнча
Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды