БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча WhatsApp, Instagram жана Facebook тармактары иштебей калууда. Бул туурасында Downdetector сайты кабарлады.
Мындай абал Европа, Россия жана Кыргызстанда катталганы айтылууда.
Downdetector сайты соцтармакка сүрөт жүктөөдө, жаңылап көрүүдө көйгөй жаралганын белгиледи.
Кыргызстанда да ушундай кыйынчылыктар байкалып жатканын "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына жазышууда.
Себеби азырынча белгисиз.