Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАн-12 аскердик учагы. Архив
Ан-12 аскердик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аскер округунун маалымат кызматы учак толук текшерүүдөн өткөндөн кийин кайра абага көтөрүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Төрт кыймылдаткычынын бири иштебей калып шашылыш Екатеринбург шаарынын аэропортуна конууга аргасыз болгон аскердик Ан-12 учагы Кыргызстандагы “Кант” базасына бара жаткан. Бул тууралуу Борбордук аскер округуна таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин аталган аба кемеси Кольцово аэропортуна аман-эсен конгону белгилүү болгон. Аймактын ыкчам кызматынын өкүлү учак пландык негизде абага көтөрүлгөнүн айтып берген.

“Москва убактысы менен саат 17.15те Екатеринбургдан Кыргызстанга багыт алган аскердик-транспорттук авиациясынын Ан-12 учагынын сигнализациясы төрт кыймылдаткычтын бири иштебей калганы тууралуу кабар берген. Экипаж “Кольцово” аэропортуна конуу чечимин кабыл алган”, — деди ал.

Борбордук аскер округунун маалымат кызматы учак толук текшерүүдөн өткөндөн кийин кайра абага көтөрүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0