Акча каражаттары. Архив

Кыргыз купюрасы өз баасынан 100 эсе кымбат сатылууда

216
Сатыкка коюлган банкнота беш жыл мурун чыгарылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. eBay интернет-аукционунда 100 сомдук купюра сатыкка коюлду.

Баштапкы баасы — 139 доллар (9,6 миң сом).

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата 100 сом номиналындагы эстелик банкноталары чыгарылган. Аларды "Токтогулга 150 жыл" деген жазуусунан тааныса болот.

216
Белгилер:
Кыргызстан, акча, үлгү, купюра
Тема боюнча
Жараксыз кыргыз сому интернетте 1000 долларга сатылууда
Бишкектеги мүрзөлөрдүн бири. Архивдик сүрөт

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

12
(жаңыланган 16:16 07.07.2020)
Бишкекте маркумду көмүү канча турат жана акыркы учурларда өлүктү жерге берүү эмнеге кымбаттап кеткендигин биздин материалдан окуп билсеңиз болот.

Sputnik Кыргызстандын редакциясына кайрылган окурман Бишкектеги мүрзөлөрдө маркумду көмүү кызматтары жана жердин баасы кымбаттап кеткендигин айтты.

Тактай келгенде коронавирус инфекциясына же пневмонияга кабылгандарды жерге берүүдөгү өлүк каадасы кымбаттаганы анык болду.

"Бул кызматкерлерге кооптуулук жаралгандыктан улам болууда. Аны менен катар эле сак болуп, тиешелүү бардык эрежелерди сакташ керек. Инфекция башка жакка тарап кетпеш үчүн биз патологоанатомиялык мүшөккө салабыз", — деп билдирди Бишкектеги ритуалдык кызмат агенттигинин жетекчиси Аскербек Алиев.

Муфтият коронавирустан көз жумгандарды көмүү эрежесин иштеп чыкты

Маркумду жерге берүүдөгү баалар:

  • Мусулман мүрзөсү (кол менен казат, жайына жаткырат) — 7 440 сом;
  • Пневмония же коронавирустан каза тапкан маркум үчүн мусулман мүрзөсү (кол менен казат, жайына жаткырат) — 10 940 сом;
  • Европа тибиндеги мүрзө (кол менен казат, жайына жаткырат) — 5 835 сом;
  • Пневмония же коронавирустан каза тапкан маркум үчүн европа тибиндеги мүрзө (кол менен казат, жайына жаткырат) — 9 535 сом.

Алиев маркумдар учурда Чүй облусундагы Аламүдүн жана Сокулук райондорунда көп коюлуп жатканын айтты. Ал баалар Бишкектеги ритуалдык кызмат агенттиги берген баалардан айырмаланышы мүмкүн. Эгерде маркумдун каттоосу болсо жер бекер берилерин кошумчалады.

Аламүдүн райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Манас Касымбековдун айтымында, бишкектиктер үчүн каза болгон жакындарын Аламүдүн районундагы Гроздь айылында жерге берүү арзанга түшөт. Бул Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан 25 чакырым аралыкта жайгашкан.

COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер

"Гроздь айылында бишкектиктер үчүн 49 гектар жер берилген. Ар кыл диндин өкүлдөрү үчүн бөлүнгөн. Анткен менен бишкектиктердин көбү жакындарын жогорку аймакка көмүүгө аракет кылышат. Аталган аймакта жер дээрлик кылган жок, ал жердин өз жашоочулары бар. Андыктан каттоосу жокторду ал жакка көмүүгө тыюу салынган. Бишкекке жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин чечими менен каттоосу жокторду 10-15 миң сомго көмүүгө уруксат берген учурлар бар", — деди Касымбеков.

Бишкектиктер каза болгондо жерге берген дагы бир аймак — Новопавловка айылындагы мүрзө. Айыл өкмөтү эгерде маркумдун каттоосу болсо, көмүүгө 500 сом төлөнөрүн айтты.

"Айылдык кеңеш депутаттарынын токтомуна ылайык, жаңы конуштарда туруктуу жашагандар же жетишпеген турмушту башынан кечирип жаткандар 10 миң сом төлөйт. Ал эми башка жактан келгендерге 20 миң сом төлөө каралган", — деп айтып беришти Новопавловка айыл өкмөтүнөн.

Россия: коронавирустан көз жумган мусулман адамын кремация кылса болору айтылды

Аталган айылдагы коммуналдык ишкананын башчысы Бахтияр Султангазиев көр казуунун баасын алар бекитпей тургандыгын айтты.

"Биз болгону жерге гана уруксат беребиз. Маркумдун туугандары жайды канчага казарын өздөрү сүйлөшүп алат. Алар жеке тарап болгондуктан айыл өкмөтүнө тиешеси жок. Андыктан бааны да өздөрү коёт", — деди Султангазиев.

Ал акыркы күндөрү мүрзөгө 5-6 адам коюлгандыгын, кээ бирлеринде "эки тараптуу пневмония" деген кагазы болгондугун айтты.

Кыргызстандан коронавирустан көз жумган бейтап биринчи жолу 2-апрелде катталган. Ал эми учурда каза болгондордун саны 99 адамга жетти.

Марттан тарта пневмониядан 224 киши каза тапты.

12
Белгилер:
пневмония, баалар, мүрзө, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Коронавирус: Ноокатта көз жумган кишини акыркы сапарга 10дой адам узатты
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков

Сазыков: алты айдын жыйынтыгы менен 5 млрд сом салык чогулбай калды

5
(жаңыланган 16:09 07.07.2020)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков пандемиядан улам киргизилген карантинге байланыштуу ишкерлерге жеңилдиктер берилгенин айтты.
Сазыков: алты айдын жыйынтыгы менен 5 млрд. сом салык чогулбай калды

Июнда 5 миллиард 313 миллион салык чогултуу пландалган болсо, 6 миллиард 622 миллион сом салык чогултулуп, план 124 пайызга аткарылды. Анткен менен алты айдын жыйынтыгы аткарылбай, 5 миллиард сомдун тегерегинде салык чогулбай калды. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салык төлөөнү жарандар мобилдик банкинг, терминалдар, банктар аркылуу аралыктан ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүктөр бар.

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды

"Коронавирустан улам киргизилген карантинге байланыштуу ишкерлерге тийиштүү жеңилдиктер берилген. Мисалы, салыктар өз убагында төлөнбөсө, туумдар өспөйт, отчеттор 1-июлга чейин токтотулган. Ошондой эле салыктык текшерүүлөр 2021-жылдын 1-январына чейин жүргүзүлбөйт. Мындан тышкары, пандемия учурунда карыздары топтолуп калган болсо, аны бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Абалдын ушундай экенине карабастан салык органдары карантин бүтөрү менен толук кандуу ишке киришти. Ошондой эле ишкерлер дагы бизнесин жандантып, салык төлөй башташты. Натыйжада июнь айында 5 миллиард 313 миллион салык чогултуу пландалган болсо, 6 миллиард 622 миллион сом чогултулуп, план 124 пайызга аткарылды. Анткен менен эпидемиологиялык абалдан улам алты айдын жыйынтыгын толук аткарууга мүмкүн болгон жок. Тактап айтканда, 5 миллиард сомдун тегерегинде салык чогулбай калды. Бул кем-карч жылдын этегине чейин жоюлат деген ишеним бар. Анткени учурда жер-жерлерде тийиштүү аналитикалык иштер жүргүзүлүүдө", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал жарандар жергиликтүү салыктарды 1-сентябрга чейин төлөшү керектигин кошумчалады.

5
Белгилер:
карантин, ишкер, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Салыктан качкан ишканалардын ЖМКга жарнама беришине тыюу салуу сунушталды