ЖМК: кыргыз номерлүү автоунаалардын Казакстанда жүрүшү кыйындайт

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин айтымында, Казакстандын аймагында жүрүп жол эрежелерин бузган автоунааларга кандайдыр бир чара көрүүгө эч мүмкүн болбой жатат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Казакстандын аймагында кыргыз, армян жана Россия номери менен жүргөн автоунаалардын жүрүшү чектелет. Бул туурасында Tengrinews басылмасы Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаевге таянып маалымдаган.

"Армения, Кыргызстан жана Россияга катталган автоунаалардын Казакстандын аймагына киргенден кийин жол эрежесин бузгандыгы боюнча даттануулар көп", — деп айткан казак министри.

Ал коңшу мамлекеттердин бул автокөлүктөрдүн ээлерине чара көрүүгө мүмкүн эместигин, себеби алар Казакстанда катталбагандыгын айткан.

Унаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Кыргызстандан кайсы унаалар кире турганы аныкталды
"Алар ишкерлик менен алектенип, жүргүнчү ташыйт. Мындай автоунааларга чектөө киргизүү зарыл. Аларга 10 күндөн ашуун мезгилде Казакстанда жүргөн учурунда милдеттүү түрдө убактылуу каттоого тургузууну айтып жатабыз. Эгерде транзиттик болсо 10 күндүн ичинде өлкөдөн өтүп кетет, ал эми 10 күндөн ашкандар каттоого турушу керек. Андан сырткары, казакстандыктарга мындай автоунаалардын кызматын колдонуп, жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салуу каралууда", — деп айткан министр.

Казакстандын административдик полиция комитетинен учурда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде каттоодо туруп, бирок Казакстандын аймагында көп убакыттан бери колдонулуп келе жаткан автоунааларды милдеттүү каттоого тургузуу маселеси талкууланып жаткандыгын айтышты. Аны бардык мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелер талкуулап жаткандыгы маалымдалган. Муну ишке ашыруу үчүн "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга кошумча жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы айтылды. Жогорудагы чечим кабыл алына турган болсо, ал Казакстандын парламентинин кароосуна киргизилиши тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0