Кыргызстандагы корголгон жаратылыш аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө

Ээрчишкен илбирстер! Нарын коругунда фотокапканга түшүп калган жаныбарлар

728
(жаңыланган 13:47 04.07.2019)
Коруктагы фотокапкандарга ак илбирс, бугу, кескелдирик, кулжалар түшүп калган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы корголгон жаратылыш аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө. Бул туурасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Олень на территории Нарынского государственного природного заповедника
    Кыргызстандагы корголгон жаратылыш аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө
    © Фото / пресс-служба Госагентства по охране окружающей среды и лесного хозяйства
  • Снежные барсы на территории Нарынского государственного природного заповедника
    Бул туурасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты
    © Фото / пресс-служба Госагентства по охране окружающей среды и лесного хозяйства
  • Ящерица на территории Нарынского государственного природного заповедника
    Мекеме мындай билдирүүнү Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөттөрү менен далилдөөдө
    © Фото / пресс-служба Госагентства по охране окружающей среды и лесного хозяйства
  • Снежный барс на территории Нарынского государственного природного заповедника
    Жапайы жаныбарларды көзөмөлдөп, анын санын мониторингдөө үчүн 2019-жылдын башында коруктун аймагына 10 фотокапкан орнотулган
    © Фото / пресс-служба Госагентства по охране окружающей среды и лесного хозяйства
  • Горные козлы на территории Нарынского государственного природного заповедника
    Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 105,5 миң гектарга жетет.
    © Фото / пресс-служба Госагентства по охране окружающей среды и лесного хозяйства
  • Горные козлы на территории Нарынского государственного природного заповедника
    Анын аймагында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү канаттуулардан тарта ак илбирс, аюу, бүркүт, сүлөсүн, суусарды да кезиктирүүгө болот.
    © Фото / пресс-служба Госагентства по охране окружающей среды и лесного хозяйства
1 / 6
© Фото / пресс-служба Госагентства по охране окружающей среды и лесного хозяйства
Кыргызстандагы корголгон жаратылыш аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө

Мекеме мындай билдирүүнү Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөттөрү менен далилдөөдө.

"Жапайы жаныбарларды көзөмөлдөп, анын санын мониторингдөө үчүн 2019-жылдын башында коруктун аймагына 10 фотокапкан орнотулган. Өткөндө коруктун бардык аймагына дагы 10 фотокапкан койдук. Ага ак илбирс, бугу, кескелдирик, кулжалар түшүп калган", — деп жазылат маалыматта.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 105,5 миң гектарга жетет. Анын аймагында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү канаттуулардан тарта ак илбирс, аюу, бүркүт, сүлөсүн, суусарды да кезиктирүүгө болот.

728
Белгилер:
Сүрөт, фотокапкан, жаныбарлар, Кыргызстан
Тема боюнча
Мындай мүйүздүү буканы көрө элек болсоңуз керек. АКШда тартылган видео